Эдил Дүрбөлөң уулу ат багып, аларды ат оюндарына кошуп байгелерди алып келет. Ал Көчмөндөр оюндарына да катышып орун алган.
Эдил ат багуу менен он жылдан бери алектенип келет. Оюнга чабылган жылкылардын аттары: Карат, Ак-тилек, Аравия жана Ибарат. Ал бул күлүктөрү менен алдыңкы орундарды багынтып келет.

Эдил Дүрбөлөң уулу, саяпкер:
— Ат чапканга он жылдан бери кызыгып келатам. Аттарды оюндарга чабып 20га жакын машина, муздаткы уткам. Азыр биз Сарбан айылында сарай салып аттарды кармайбыз. Аларды биз көбүнчө чоң Аламан чабууга, Тай чабууга, Кунан чабуу оюндарына катышып келе жатам.
Даярдагандар: Акыл Манасбек уулу, Калыс Кылычбеков.
Редактору: Дастан Жаркымбаев.