Рүстөмбек Мамыралиев орто мектебиндеги Алиппе майрамын 1-“а” классынын окучулары өткөздү. Бул майрамга ата-энелер келип катышты.
Алиппе майрамын 1-“а” классттын жетекчиси Нурзада Белекова өткөздү. Бул майрамда окуучулар өздөрүнүн өнөрлөрүн көрсөтүшүп, ата-энелер балдарынын таланттарына күбө болушту. Ар кандай бийлер, ырлар коюлду.
Нурзада Белекова:
— Алиппе майрамын балдардын деңгээлин ата-энелерге көрсөтүү максатында өткөздүм. Майрамда толкундандык жана балдарыбыз шашып кетти. Биз майрамга бир ай даярдандык, даярданып жатканда көп нерселер өзгөрдү. Балдарды күндө даярдантып жаттым, бийлеткенге 9-10-класстын кыздары келип, жардам берип жатышты жана ата-энелер келип, ырларын айттырып жардам беришти.
Ракима Жумабекова:
— Мен Кайырма айылынын тургуну болом. Бул Рүстөмбек Мамыралиев мектебинде 3 неберем окуйт. Нурзада Бактыгуловна башталгыч класстан баштап менин неберемди окутту. Мен абдан ыраазымын. Билим алган балдар 36 тамганы билгенден кийин, өтө чоң дээңгелде өттү деп ойлойм.
Урмат Усурманов:
— Мен Нурсултан Исаевдин атасы. “Алиппе” майрамы 100 пайыз деп ишендире кетем. Себеби балдардын даярдыктары, бардыгы эң керемет болду. Өзүнүн оюн айтканы, жаңылмачтарды айтканда эч ким такалган жок. Балдардын тартынбаганын жана өнөрлөрүн көрүп мен ушунчалык толкунданып отурдум. Себеби, алар өздөрүн өнөрлөрүн эч кандай тартынбай, толук дэңгээлге жеткеришти жана өзүнүн максатына жетти.
Даярдаган: Асел Эркинбек кызы.
Редактору: Ууржан Молдокулов.