Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылынын тургуну Мухаммедали Аскаров төрт жылдан бери көгүчкөндөрдү багып келет.
Ал көгүчкөндөрүн 600 сомдон 1000 сомго чейин сатат. Баары биригип анын учурда сегиз көгүчкөнү бар. Көгүчкөндөрүн көбүнчө айыл тугундары сатып алышат.


Аскаровдун көгүчкөндөрүн көрүп, айылдын жаш тургундары да канаттууларга кызыгып бага башташты.

Аскаров «Бул менин кесибим болуп калды. Көбүнчө ак түстөгү көгүчкөндөрдү багам» дейт.
Даярдаган: Тинатин Коңурбаева