Жайыл районуна караштуу Кара-Суу айылында катуу шамал болуп, мөндүр аралаш жамгыр жаады. Бир саатай жааган жаандан улам айылды суу каптады.
Бул тууралу айыл тургундары менен маек курдук.
Кара-Суу айылынын тургуну Стал Кумбашев:
— Бизде кече күнү катуу жамгыр аралаш мөндүр жаап, бир сааттын ичинде эшиктин алдына суу толуп эшикке чыгалбай калдык. Насос менен сууну сордуруп жатабыз.
Дагы бир айыл тургуну Жийде Токтогулова:
— Мына кече айылыбызда аламат болуп, катуу мөндүр жаап, суу каптап, үйлөрүбүздүн ичине чейин суу кирип кетти. Эми айыл депутаттарына кайрылсак, алар өздөрүнүн жумуштары менен кетип калышты. Мына кошунам экөөбүз солярка чыгарып трактор менен арык каздырып жатабыз. Биздин айылды караган киши жок. Биздин айыл өкмөтда бизде эмне болуп атканын угуп бизди карап койгонго жараган жок.
Мына ушинтип Кара-Суу айылына бир күндүн ичинде суу каптап эл каякка барып кайрылаарын билбей калды.
Даярдаган: Азирет Туратбеков
Тренер: Гүлзада Бейшенбекова
Сынак үчүн