Жайыл районунун Кара-Суу орто мектебинде 20-июнда 9-классты аяктаган окуучуларга күбөлүк тапшыруу аземи болуп өттү. Быйыл мектепте 11-класс жок, ал эми 9-классты сегиз эле окуучу аякташты.
Окуучуларга күбөлүк тапшыруу аземине ата-энелер, мугалимдер, мектептин директору Нургүл Алиева катышышты.
Окуучуларга күбөлүк тапшырып жатып мектептин директору балдарга ден соолук, ийгиликтерди каалады. Ата-энелерине балдарын колдоп, мындан ары да окутуп, жогорку окуу жайларга балдарын даярдап, жакшы бир кесиптин ээси кылуусун тиледи.






Ата-энелер да мугалимдерге өз ыраазычылыктарын билдирип, рахмат айтышты. Окуучулар болсо мындан ары да окууларын улап, Кара-Суу орто мектебинен 11-классты бүтүрөбүз дешти.
“Ак кептердин” атынан окуучуларга ийгиликтерди каалайбыз. Эс алышып, 2017-2018-окуу жылына жаңы күч менен келишине тилектешпиз.
Даярдаган: Бейшенбекова Гүлзада