Сулуу, ошол эле маалда стилдүү болуу — бардык айымдардын кыялы. Бирок кийимди бири-бирине төп келтирип кийгенди баары эле биле бербейт.
Убакыт өтүп мезгил алмашкан сайын мода дагы өз багытын тез-тез өзгөртүп тургандыгы белгилүү. Кечээ эле жаңырткан модалуу гардеробду бүгүн карасаң эскирип калгандай.

2017-жылы кенен, шалбыраган, оюм-чийимдери башкача, айтканда улуттук орнаменттер менен кооздолгон кийимдер мода. Бул жагымдуу жаңылык. Денеге чыпташпаган, бош турган кийимдер ар кандай денеге сонун жарашат. Ал эми жасалгаларды (аксессуарларды) туура колдонуу менен сулуулугуңузду баса көрсөтө аласыз.






Жашыл түс — жөнөкөй, назик, тирүү өң. Адамдарды эс алдыруучу түс. Жашыл — тынчтыкты, сүйүүнү жана коопсуздукту билдирет. Бул түстү Мексикада, Австралияда, Ирландияда жана Египетте жакшы көрүшөт. Кытайда жашыл түс — бай жашоону жана жаштыкты түшүндүрсө, Индияда — тынчтыктын жана үмүттүн белгисин туюндурат.
Белгилүү болгондой, түстөр көп нерсени түшүндүрүп, адам тууралуу дагы көп маалымат бере алат, же болбосо, биз адамдын кийип турган кийиминен анын учурдагы абалы тууралуу дагы кабар алсак болот.
Соңунда айта кетчү нерсе, өңдөргө көз каранды болбостон, кандай гана түстөгү кийимдерди кийбейли, ар дайым көңүлүбүз көтөрүңкү болуп, тегеребизге жакшы маанай тартуулоого аракет кылалы.
Даярдаган: Рахат Камчыбекова