Жайыл районунун Кара-Суу айылында чөп чабык башталды. Айыл тургундары быйыл чөп жакшы болгонун айтып жатышат.
Кара-Суу айылынын тургуну Султаналы Чакчагаевдин айтымында, былтыркыга караганда быйыл жаан-чачын аз болуп, чөптөрдүн жакшы алынышына өбөлгө түзгөн.
«Кара-Суу айылында чөп чабык жакшы жүрүп жатат. Былтыркыга караганда быйыл жакшы. Анча көп жамгыр жааган жок. Дыйкандарга өтө чоң жардам берип жатат. Көпчүлүк дыйкандар чөптөрүн чаап, жыярын жыйнап жатышат. Пресс-подборщиктер көп, ал эми чөп чаба турган комбайндар жок. Ошондуктан биздин айылга ар кайсы жактан келип чөп чабып жатышат. Мисалга алсак: Көлдөн, Нарындан келген комбайнерлор бар», — деди Чакчагаев.




Ысык-Көлдөн келген Кубан байке 40 гектардай жердеги чөптү пресстегенин айтат.
«Көлдөн иштегенге келгенбиз. Бул жакта иш жакшы эле болот экен. Ишибиз жакшы жүрүп жатат. Күзгө чейин иштейм. Көнүшүп да калдык», — деди ал.
Кара-Суунун тургундары көбүнчө дыйканчылык менен алектенишет. Быйыл дыйкандар талаага арпа, кант кызылчасын, беде, помидор, жүгөрү картошка айдашкан.
Даярдаган: Гүлзада Бейшенбекова
Сынак үчүн