Шаардын мээ чарчаткан ызы-чуусунан арылып, ажайып кооз жерге жетип барганга эмне жетсин. Бүгүнкү күнү Ала-арча жашообуздун айрып алгыс бөлүгү сымал сезилет.
Бул жер туура 40 жыл мурун мамлекеттик Ала-арча жаратылыш паркы деп негизделген. Бул чыгарылышта дал ушул керемет кооз жаратылыш паркынын тарыхына, учурдагы абалына токтолобуз.
Ала-арча жаратылыш паркы 1976-жылы негизделген. Ала-арча деген ат арчанын жыш жайгашкандыгынан келип чыккан. Ал жер жаратылышка бай келгендиктен жана Бишкек шаарына жакын жайгашкандыктан парк катары тандалып алынган.
Улуттук табият паркы мамлекет тарабынан коргоого алынган аймак болуп саналат. Кыргыз Ала-Тоосунун эң бийик борбордук бөлүгүнөн башталып, түндүк тарапты карай созулуп жаткан Ала-арча капчыгайын ээлейт. Бишкек шаарынан 35 км түштүк тарапта. Аянты 19,4 миң гектар. Деңиз деңгээли 1600–4200 м бийиктикте, орточо бийиктиги 3300 м.

Керемет кооз жаратылыш паркында 37 жыл бою үзүрлүү эмгектенип келген Алкан Нурканов бул жердин кыскача тарыхына токтолуп, парктагы өзгөрүүлөр тууралуу айтып берди.
— Паркта канаттуулардын 161 түрү, сүт эмүүчүлөрдүн 30, амфибиянын жана омурткасыздардын 5, курт-кумурскалардын 4 жана балыктын 1 түрү бар. Өсүмдүктөрү да башка капчыгайлардан өзгөчөлөнөт. Ала-арчадагы тяньшань карагайы коңшулаш капчыгайларда кездешпейт, ошондуктан ал коргоого алынган. Өсүмдүктөрдүн 600дөн ашуун түрү бар. Алардын эң белгилүүлөрү кызыл жана ак мандалак, суукчул, бото көз. Айбанаттары: тоо эчки, илбирс, түлкү, карышкыр, элик; канаттуулары: кекилик, чил, улар, көгүчкөн, бактек. Коргоого алынгандан кийин мурда жоголуп бараткан сүт эмүүчүлөр кайра коё берилген. Учурда токойду калыбына келтирүү максатында карагай, арчалардын көчөттөрү отургузулууда.
Паркта үч негизги дарыя бар, алардын ичинен эң ириси Ала-Арча дарыясы жана анын Ак-Сай жана Адыгине деген куймалары бар. Алыскы жана коңшу өлкөлөрдөн эс алууга келген меймандардын ой пикирлерин угуп көрдүк.
Эс алуу зонасы, жаныбарларды тоюттандыруу жана аларга көз салуу зонасы, спорт-альпинизм жана калыбына келтирүү зонасы.

Эс алуу зонасы — эс алуучуларга коопсуз жана жаратылыш кучагында эс алуу үчүн шарт түзөт.
Тоюттандыруу жана жаныбарларга көз салуу зонасынын максаты — жаныбарларды адамдын терс таасиринен алыс сактоо.
Спорт альпинизм зонасы — тоого чыгуу көнүгүүлөрүн өткөзө турган зона. Бул зонада Советтер союзунун учурунда белгилүү болгон чокулар дагы бар.
Калыбына келтируу зонасында жаныбарлар коргоого алынган, ошого байланыштуу адамдардын терс таасиринен коргоо максатында меймандарга киргенге тыюу салынган.
Мамлекеттик Ала-арча жаратылыш паркына келип окуу-талаа практикасын өтөп жүргөн студенттер бул жерге жетекчилери менен келип, кызыл китепке кирген жаныбарларды зоологиялык музейден көрүп, жаратылыш паркынын кооздугуна суктанып турганын айтышты.
Паркта туристтик агенттиктер профессионалдуу даярдалган адистердин жардамы менен ар кандай саякаттарды уюштурушат, экскурсияларды орус, кыргыз, англис тилдеринде өткөрүшөт.
Даярдаган: Рахат Камчыбекова