Жайыл районунун Кара-Суу айылынын “Ак кептер” жамааттык мультимедиаборбору алдыда келе жаткан Нооруз майрамына айыл тургундары менен бирдикте даярдык көрүп жаткан чагы.

Нооруз майрамына арналган радиорепортаждар, куттуктоолор күн сайын радиорупор аркылуу берилип жатат. Волонтерлор Ноорузга кандай даярдык болуп жаткандыгы тууралуу интервьюларды алып, аудиорепортаждарды даярдоонун үстүндө иштеп жаткан кези. 
“Ак кептер” жамааттык медиаборбору (ЖМБ) айылдын мектебине, бакчасына жана тургундарга колдон келген жардамын берип келе жатат. 
Жакында “Ак кептер” ЖМБ Нооруз майрамына арналган фотокөргөзмө уюштурду.

Көргөзмө Кара-Суу айылында болуп өткөн Нооруз майрамы кандай майрамдалып жатканы тууралуу баяндайт. 
Даярдаган: Данияр кызы Назик
Кызыктуу макала сынагына