Нарын районуна караштуу Миң-Булак айылындагы Токтогул Байсалов атындагы орто мектепте “ Биз XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз” аттуу сынакка Мамыткан Иманалиев мектебинин окуучусу Талас Максат уулу катышып келди. Сынак өрөөндүк деңгээлде болуп, жети мектептен окуучулар келген.
Талас ал сынактан 2-орунду ээлегендигин айтты:
“Мен бул сынакка көптөн бери даярданып жаткам. Бирок ал жерге күчтүү окуучулар келишти. Бул сынактын максаты биздей болгон жаш интеллектуалдуу окуучуларды эл алдына алып чыгып жана алар ойлоп тапкан нерселерин көргөзүү. Мен ал сынакка экватордун жаңы моделин жасап барып, 2-орунду алдым.”
Эскерте кетсек, буга чейин Мамыткан Иманалиев орто мектебинин окуучулары интеллектуалдуу окуучу сынагына катышып республикалык деңгээлге чейин чыгып келишкен.
Даярдаган: Адилет Курманбеков