Талас шаарындагы А.Огомбаев атындагы музыкалык мектебинде «Биз жана Россия» аталышындагы майрам болуп өттү. Майрамдын максаты ар бир улуттун өкүлчүлүктөрүн ынтымакка чакыруу. Ошондой эле Талас облусттук ыйгарым укуктуу өкүлү ар улуттардын жетекчилери жана мектеп окуучулары катышты. Андан тышкары «Союз Единения» уюмун жетектеген Божекова Светлана майрамга катышкандарга, ар улуттун жетекчилерине баалуу белектерди жана мактоо баракчаларын тапшырды.

Бул майрам жөнүндө “Союз Единение” коомдук бирикмесинин юристи айтымы боюнча:
“Мен, Суйунбековна Элиз Ахматовна коомдук бирикемеде юрист болуп эмгектенем. «Биз жана Россия» аттуу иш-чара Кыргызстандагы Россия күнүнө арналган. Бул өткөрүлгөн майрамды «Рос- сотрудничество» тарабынан каржыланган. Бул майрамга Талас областындагы ар улуттун өкүлдөрү катышышты. Алар өз улуттук тамак-аш жана улуттук кийимдерин көргөзушту’’, – деп баяндап кетти.

Ошондой эле татар улутунун өкүлү майрам жөнүндө өз оюн бөлүштү:
«Мен, Гузалия Исхакова татар улутунун өкүлү. Бүгүнкү өтүп жаткан иш-чарага катышып жатамын. Бүгүн биз өзүбүздүн улуттук кийимдерди жана тамак-аштарыбызды көрсөтүп жатабыз. Бул майрам жогорку деңгээлде болуп жатат»,- деп билдирди.
Майрам жөнүндө катышуучулар дагы ой- пикирлерин билдирип өтүштү:
“Мен, Кубатбек кызы Мунара. Бүгүнкү майрам абдан жакшы өттү жана бул майрамга ар улуттун өкүлдөрү катышышты. Ошондой эле ырдап, бийлешип өз улуттук тамак -аштарын тартуулашты. Ушундай майрамдар көп болуп турсун”,- деп өз оюн билдирип кетти.
Эскерте кетсек, бул иш-чараны Талас шаарындагы «Союз Единение» коомдук бирикме тарабынан уюштурулду.
Даярдаган: Алина Абенова, Ажар Салиева