Талас районундагы Кара-Суу айылындагы Карыпкулов атындагы орто мектебиндеги окуучуларга “Кылмыштуулукту алдын алуу” семинар өтүлдү.
Төмөндө айтылган семинарды Карыпкулов атындагы орто мектебинин тарбия завуч мугалими Жылдыз Текейова бешинчи класстан баштап он биринчи класска чейинки окуучуларга өттү. Анын айтымында:
“Семинардын максаты азыркы учурда жаш өспүрүмдөр арасында көп чыр чатак жана суицидге алып келип жатат. Ошол себептерге байланыштуу бул семинарды өткөрүп жатабыз”,-деп айтты.
Карыпкулов атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Касиет Жакшылыкова семинар жөнүндө өз ою менен бөлүшүп кетти:

“Бул семинар мага жакшы таасирин тийгизди. Абдан глобалдуу жана актуалдуу маселелер көтөрүлүп, түшүндүрүү иштери өтүлдү. Азыркы учурда жаш өспүрүмдөрдүн арасында болуп жаткан чыр- чатактардын негизинде суицидге алып келээри алдын- ала айтылып түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү”,-деп билдирди.
“Азыркы учурда жаш өспүрүмдөрдүн ортосунда болуп жаткан рекетчиликти балдар арасындагы эле эмес, кыздар арасындагы болуп жаткандыгы байкалды, ошондуктан мындай көрүнүштөр алдын- алуу алыш үчүн бүгүнкү семинардан өтүлдү жана катышуучулар өздөрүнө жакшы таасир ала алат деген үмүттөмүн. Себеби, кылмыштуулуктун жана суициддин аягы жакшы нерсе менен бүтпөйт”,- деди Мээрим Сапарбекова.

Даярдаган: Бермет Жакшылыкова, Айнуру Керимбаева