Кышында айылда жашаган тургундар эмне менен алек болушат? Негизинен мекенибиздин көпчүлүк айылдарында ишканалар жокко эсе, ошондуктан айылда жашагандар илгеркидей эле мал чарбасы менен алек болушуп, күн өткөрүшөт.
«Азыр биздин айылдын тургундары: уй саап, сүт өткөрүшүп, мал байлап сатышып, оокат кылып жаткан убактары. Кээ бир айыл жаштары, он чакты бала, Кара-Балта шаарына барып, кытай ишканасында иштеп келип турушат. Кышында айыл турмушу ушундай», -дейт айыл тургуну.
«Мен эртең менен туруп балдарымды мектепке жөнөтөм. Өзүм мектепте иштейм.
Жумуштан саат үч, төрттө келем. Жумуштан келип, балдарыма чай берип, отту жагып кечки тамак жасайм. Тамак жасап бүткөндөн кийин, балдарыма берип,
уйду саайм. Бир эле уйумду саайм. Андан үч литр сүт чыгат, калгандары бооз. Сүтүн айранга алып калам»,-дейт Кымбат Алиева. «Мен, Ибраимов Канат. Быйыл кар жаабай жаман болду, кар күрөп, күн өткөрчү элек. Жаштардын демилгеси менен спорт комплекси ачылганы жакшы болду. Ошол жакка барып, балдардын машыккандарын көрүп турам. Өзум да штанга көтөрүп, машыгып турам.
Кышында көбүнчө айыл тургундары мал менен эле алек болушат. Кышында көп деле кыла турган иш жок. Корообузда үч-төрт атыбыз бар, беш-алты кой бар, эки уйубуз бар, мал менен эле алектенебиз. Кыштын күнү айыл жергесинде жумуш деле жок.
Ал эми кыш аяктагандан кийин, жаз мезгилине даярдык башталат. Жайы менен айыл тургундарыбыз талаа жана короо жумуштары менен алек болушат. Айылдагы жашоо ушундай экен», — деди айыл тургуну.
Даярдаган: Бексултанова Айгерим, Болот кызы Нурзат