Суусамыр айылынын ортосунан агып өтүүчү «Жинди Суу» суусу кыш түшкөндөн бери нугунан чыгып жатып, муз каптап, окуучулардын мектепке баруусуна, дегеле айыл тургундарына чоң кѳйгѳй жаратууда.
Бул көйгөйдү чечүү үчүн Тунук айылынын башынан сууну башка нукка буруп коюшчу. Бирок, тилекке каршы ал натыйжа бербей Тунук айылын да суу каптагандыктан, быйыл эки жакка теңме-тең бурушкан.
Суунун аркы жагында жашаган окуучуларга учурда чоң көйгөй жаратууда. Окуучулар мектепке келиш үчүн муздун үстү менен өтүшөт жана алардын буттары суу болуп, кээ бир окуучулардын бут кийимдери айрылып, ата-энелери бул кышта үчүнчү жолу бут кийимдерин алып берип жаткандар да бар. Жалгыз эле окуучуларга эмес, айыл тургундарына да чоң көйгөйлөрдүн бири болууда. Алардын ары-бери өтүүсүнө жана мал сугаруусуна да кыйынчылыктарды туудуруп жатат.
Ошондой эле унаалардын өтүүсүнө да чоң маселе жаралып, алар жолду айланып өтүүгө мажбур болушууда. Бирок, бул учурда да кооптуу нерселер болуп жатат. Мисалы, мындан бир жума мурун музду алып салуу максатында погрузчик автоунаасы музду алып жатып, муз түшүп кетип, сууга кирип кеткен жана ал техниканы 6 саат дегенде араң алып чыгышкан.
Бул боюнча айыл тургуну Мирлан Чортонбаев өз ою менен бөлүшүп кетти:
“Бул кышында суу көп болгондуктан каптайт, Тунуктун башынан сууну көп буруп ийишип, ошондон улам суу каптап, балдарыбыз суу кечип, сабакка кечигип жатышат. Бут кийимдери айрылып, көп көйгөйлөрдү кышында жаратат. Көпүрө жакты да суу каптап, машиналар да өтө албай жатат.”
Суусамыр орто мектебинин 6-классынын окуучусу Айназик Мамытбекова мектепке барганда бутубуз суу болуп жатат дейт:
“Бул жерден өтүү биз үчүн аябай эле кооптуу. Биз мектепке кечикпеш үчүн ушул жерден өтөбүз. Себеби, чоң көпүрөнү айланып өтсөк, мектепке кечигип калабыз. Ошондуктан, ушул жерден өтүүгө туура келет. Биз бул жерден өткөндө бутубуз суу болуп, мектепке суу бойдон барып, кайра үйгө барып бутубузду кургаткан күндөр да болот.”
Ал эми Конушбаев Кадырбек атындагы Суусамыр орто мектебинин уюштуруучу мугалими Гүлмира Абдылдабекова бул иш боюнча айыл өкмөт башчысына эки жолу кайрылгандыгын билдирип, мындай деди:
“Бүгүнкү күнгө чейин жинди сууну доз каптап, мектепке келип жатканда аябай кыйынчылыктарды туудуруп жатат. Бул боюнча биз айыл өкмөткө кайрылганбыз, анан ошол кайрылгандын негизинде, айыл өкмөт сууну казганга трактор жиберген. Трактор казганда деле барыбир айырмасы жок кузгундап жатат. Дагы деле доз каптап биздин бутубуз суу болуп жатат. Керек болсо, площадка жакка чейин суу каптап, мектепке келүүгө аябай кыйынчылык туудуруп жатат. Анан эми бул жерде кичинекей 1-класстар, 0-класстар окуп атышат. Түшкө маал таптакыр эле суу болуп, бизге өтүүгө такыр эле мүмкүнчүлүк жок болуп жатат. Ошол эми бул кеч да болуп калды окшойт. Күз мезгилинде эле сууну башка жакка буруп коюш керек экен да. Себеби, минтип кышкысын суу каптап, кыйынчылыктар болуп жатат. Менин балдарым болсо, көпүрөнү айланып өтүп жатат, бирок ал жактан деле суу каптап, буттары суу болуп, мектепке кечиккен күндөрү да болуп жатат. Ал эми баламдын бут кийими түшүп калып, атасы жамап да берди. Бул көйгөй биздин гана үй- бүлөдө болгон жок. «Жинди Суунун» аркы өйүзүндө жашаган балдардын да бут кийими түшүп жатат. Анткени, азыркы бут кийимдер сапатсыз.”
Бул маселе боюнча айыл өкмөт башчысы Урмат Отунчиевге кайрылганыбызда мындай деп жооп кайтарды:
-“Бул маселе быйыл биринчи жылы көтөрүлгөн жок. Бул маселе жылда эле болуп келип атат. Бул суу Ак- Суу боюнан топ болуп агып келген суу. Ак- Коо деген коктунун ортосунан экиге бөлүнөт. Быйыл “Ийри Сууну” теңме-тең бөлгөнбүз. Себеп дегенде, былтыр Тунукка кеткен жарым суусу элге коркунуч жараткандыктан, быйыл теңге бөлгөнбүз. Эгерде мындай иш -чараны алпарбай койсок, Тунуктун башындагы 3-4 үйдү толугу менен суу каптап кете турган, андай болбосун деп тепетең бөлгөнбүз. Быйыл суу көп болгондуктан ошол “Жинди Сууну” суу катап атат. Эмдиги жылкыга да бюджеттен акча карап атабыз, суунун нугун тереңдетип, дамбаларды бийиктеткенге. Ошондо бир натыйжа чыгат го деген ишеничтебиз. Кооптуу деп да айтууга кыйын, бул табигый нерсе. Биз суунун башын жана көпүрөнүн жээгин эки жолу техника менен бурдук. Биринчисинде, толук кандуу бурдук, андан кийин кайра күн жылуу болгонуна байланыштуу, суу кайрадан каптап кетти. Экинчисинде, погруччик менен бурдук. Ал погрузчик буруп жатып, муз түшүп кетти дагы, 6 саат дегенде араң алып чыктык. Азыркы учурда эч кандай нерсе кыла албайт экенбиз, суу каптап келе берет экен баягы тилсиз жоо дегендей. Эми жазында коопдуу учур жаратышы мүмкүн, машиналар ары-бери өтө албай, ошол учурда техникалар менен музду чакканга биз даярбыз.”
Суусамыр орто мектебинин уюштуруучу мугалими Гүлмира Абдылдабекова бул иш боюнча айыл өкмөт башчысына эки жолу кайрылган, андыктан биз айыл өкмөт башчысына бул катка кандай деп жооп бердиңиз десек, мындай деди:
—“Ал катка биз жооп бердик. Ал кат келип түшөрү менен техникаларды жибердик. Ал эжейибиз деле күбө болгон чыгар, ошол эле күнү болбосо да, бир күндөн кийин техникаларды жиберип, күндүзгү саат 10 дон баштап, 4 кө чейин иштешти. Ал эми 4 кийин жанагынтип техникабыз чөгүп кетип, түнкү 10 до чыгардык. Кол менен иштегенге болбойт. Себеп дегенде, сууну бура албайт экенбиз. Техниканын күчү менен ошентип эки жолу бурганга аракет кылдык, бирок натыйжа чыкпай калды.”
Белгилей кетсек, бул маселе көп жылдан бери кыш айларында кайталанып келет.
Даярдаган: Назима Акишбекова