Таштанды маселеси учурда коомдогу эң олуттуу койгѳйгѳ айланды. Мындай кѳйгѳй Ысык –Кѳл облусунун Тоң районундагы Туура-Суу 1 айылында дагы курч. Айыл ичинен агып ѳтүүчү Туура- Суу суусунун боюнда, айылдын кире бериши, суу агып ѳтүүчү каналдардын ичи таштандыга толгон.

Айыл тургундарынын айтымында таштандынын кѳбѳйүшүнѳ айыл эли ѳзү күнѳѳлүү. Бул тууралуу Анара Мукунаева мындай дейт:
«Эми таштандыны таштоого ѳзүбүз эле күнѳѳлүү болуп жатпайбызбы. Гигиенаны сактабай жатабыз балдардын оорусу баары ушундан келип жатат. Таштандыны биз 21-мартта майрамдарда эле кыргыздардын жаны жылы деп тазалап жатпайбызбы».

Жергиликтүү жашоочу, Алматай кѳчѳсүнүн тургуну Гүлүй Орозбакова ар бир жылы ѳз ара салыктарды тѳлѳгѳнүн, бирок таштандылар чыгарылбай жаткандыгын айтты:
«Эми таштандыларды таштоого ѳзүбүз эле күнѳѳлүбүз. Ар кайсы жерге тѳгѳ беребиз. Мисалы үчүн бир жерге таштанды тѳккѳнгѳ жер ачып коюш керек. Айыл башчылары жана айыл ѳкмѳттѳрү таштандыларды чыгарып кетиш керек да. Таштанды тазалоого жакшы эле кѳз карашым бар. Айылда желим баштыктар, бѳтѳлкѳлѳрдүн баары жерде жатпайбы. Ошолордун баары айылдыктарга зыяны тийип жатат, мал дагы жеп жатат. Таза эмес да. Биз ѳз ара салыктарды тѳлѳп жатабыз, жылына эмнеге аласынар десем таштанды чыгарганга дейт. Кѳп жыл болду тѳлѳп жатканыбызга. Бирок бир да жолу таштанды чыгарганын кѳрѳ элекмин».

Айылдык кеңештин депутаты Берди Айтпаев таштандыдан арылуу үчүн ар бир адам ѳзүнѳн баштоосу керек деген ойдо:
«Таштанды бул ѳзүнүн атына жараша жакшы кѳрүнүш эмес. Айрыкча биздин айылда эле, себеп дегенде айылдын коёндун жатагына чейин билем десек да болот. Таштандыны жоюш үчүн ар адам туура түшүнүүсү керек . Бүгүкү күндѳ ар кайсы жерде ар кандай айыптар салынып жатат. Мисалы: Шаарда 1000 сом, айылдарга кээ бир жерлерде 500 сом деп жазылып турат. Таштанды таштабагыла дейт. Бирок ал айыптарды ким тѳлѳйт. Мен билгенден он беш жыйырма жылдан бери эле ушул жазуулар жазылып турат. Туура-Сууда баардык эле жерлерде таштандылар жатат. Ким ушул айыпты тѳлѳдү эч ким тѳлѳгѳн жок. Буга ар бир окуучунун ар бир адамдын акылы жетиш керек. Болбойт бул жакка таштандыны таштабайт, орду бар дегенге мээси жетиш керек. Башка мамлекеттерди таптаза шаарларды телевизордон кѳрүп жатасынар ѳзүбүз башка мамлекеттерге барбасак да кѳрүп жатабыз. Такыр таштанды болбогон ар бир таштандыны ѳзүнчѳ пакетке салып, ѳзүнүн кантейнерлерине салган кѳчѳдѳн бир дагы тал ширенке жатпаган мамлекеттер бар. Аларда эмне себептен кѳп штраф салабы же болбосо кѳп кѳзѳмѳл кылабы. Ал жерде ар бир адам түшүнѳт. Ар бир таштандынын ѳзүнүн орду бар экенин белгилѳѳ керек».
Айыл ичиндеги таштандылардын кѳбү желим баштыктар жана бѳтѳлкѳлѳр. Белгилүү болгондой, алар 400 жылда жок болот. Жакында Жогорку Кенештин депутаттары желим бѳтѳлкѳлѳрдү Ысык- Кѳлдүн аймагына киргизүүгѳ тыюу салууну сунушташты.
Даярдаган: Айназик Нурбек кызы, Гүлзат Шермуканбетова, Арслан Акунов, Ийгилик Каткелдиева