Чүй облусунун, Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылында жайгашкан №43 лицей ар тараптуу кесипке багыт берип, ар түрдүү кесиптик адистикке окутат. Бул лицейге Кыргызстандын жети облусунан келип, жатаканада жатып окушат. Өспүрүмдөр кесипти өз каалоолору менен тандашат. Бири айыл чарба өндүрүшүнүн устаты болсо, бири мал доктур, тигүүчү, ашпозчу болгусу келет.
Аталган лицейде эки группада мүмкүнчүлүгү чектелген майып балдар дагы окушат. Өндүрүштүк окуутунун устаты Нурискан Искендерова: “Мен ушул группанын окуучулары менен күнөсканада убактымды өткөрөмүн. Мен өзүм дагы бакчада жер жемиш өстүрүп, аларды карап, сугарып алектенгенди жакшы көрөм. Биздин окуу жайдагы күнөсканада иштөө аябай кызыктуу. Бул күнөсканада бардык шарттар бар. Биогаз менен жылып, органикалык жер семирткичтер колдонулгандыктан бизде өстүрүлгөн жер жемиштерибиз аябай сапаттуу жана даамдуу. Бизде окуган мүмкүнчүлүгу чектелген жаш өспүрүмдөр группасынын окуучулары өздөрүнүн кесибин жакшы көргөндүктөн эртеден кечке убактыларын ушул жерде өткөрүшөт. Бул жерде өстүрүлгөн жашылча жемиштерди өзүбүздүн ашканада колдонуп окуучуларга тамак жасап беребиз. Мына ушул жер- жемиштерди ушул окуучулар багышат. Эртең менен келишкенден баштап ар бири өздөрүнө тиешелүү участокторун бөлүп алышып, иштеп башташат. Азыр булар урукту кантип отургузуп, кандай жер семирткичтерди колдонууну жана өстүрүүнү үйрөнүп калышты. Күндөн күнгө кызыгышып ушул бакчадан кеткилери келишпейт.
Нурискан Искендерова күнөсканада практикалык сабак учуру
-Азыр бул окуучулар колдорунан келсе келбесе дагы биз менен чогуу жарышып иштешип, эмгекке үйрөнүп жатышат. Балдар менен менен чогуу отун аралашат, кар күрөшөт, мастерскойлорго барып техникаларга кызыгып жардам беришет, өз алдынча тамак жасашат. Чынын айтканда бул балдар бизде кыска гана убакытта окушат, андан кийин кайра эле Моловодный айылындагы майып балдар үйүнө кетишет. Ал жерде даяр берген тамакты жеп, жуулган кийимди кийип, өздөрүн мүмкүнчүлүгүм жок дегендей жашай беришет. Бул албетте, өтө кейиштүү жана бул алардын өз алдынча болуусуна тоскоолдук кылат. Ошондуктан, мындай балдарды бош койбой жумуш менен алаксытып өзүнө болгон ишенимди көтөрүш керек. Биздин окуу жай билим берип кесиптик багытка гана тарбиялабастан эмгекке, адамдар менен мамиле түзүүгө жана турмуш- тиричиликке шыктандырып, жашоого үйрөтөт”,- деп лицейдин психологу Омуралиева Турсун айтып берди.
Нурискан Искендерованын, айтымында мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулар окуу жайдагы ден-соолугу чың, акыл эстүү жана жакшы үй-бүлөөдөн келген окуучулардын жакын мамиледе болуп, аралашып окуусу бул балдардын оюн, жүрүш- турушун жакшы жакка өзгөртөт.
Материалды даярдап жатып кабарчылар мүмкүнчүлүгү чектелген окуучуларды кантип жашоо-турмушка өз алдынча жөндөмдүүлүгүн шыктандырууга үйрөтө алабыз? Кантип жардам бере алабыз?” — деген сурамжылоону жүргүздүк.
Бусурман уулу Тенирберди (ашпозчу-кондитер-навайчы тайпасынын студенти): Лицейге келгенде бул окуучуларды көрүп аябай зээним кейиген, боорум ооруп, аяй берчумун. Кийин менин оюм өзгөрдү анткени бул балдар мүмкүнчүлүгүнүн чектелүүсүнө карабай жашоо- турмушка, эмгекке аракет кылып жашашат экен. Көрсө булар дагы өмүрдү сүйүп, жашоодон ыракат алып жашашат турбайбы”.
Рыспекова Айнур (ашпозчу-кондитер-навайчы тайпасынын студенти): Мен жатаканада студсовет болуп иштеймин. Мен бул окучуларга “Сергек жашоого үйрөтүү” деген теманы алып сабак өткүм келди. Себеби, бул балдар өз алдынча эртең менен туруп, бети колун тишин жуунуп, керебетин оңдоп, кийим койгон текчелерин жыйнаганды жакшы билишпейт. Мурда бул балдар ата-энесинин же балдар үйүндөгү тарбиячылардын көмөгү менен жашап келишкендиктен өз алдынча тазалыкта жашоо аябай кыйынга турат. Мен бул балдарды эртең менен тургандан баштап кечке чейин сергек жашоого үйрөткөнгө аракет кылдым.
Бегалиев Сумая (ашпозчу-кондитер-навайчы тайпасынын студенти, окуу жайдын президенти): Менин жашоого көз карашым ушул окуучулар келгенден бери башкача болуп өзгөрдү. Анткени мен ойлочумун мүмкүнчүлүгү чектелген окуучуларга кесиптин деле кереги жок, булар эмнеге окушат деп. Мен жаңылышыпмын. Мен мурда бул балдар менен сүйлөшүп көргөн эмесмин, мамилем да жок болчу. Азыр менин жакын досторум ушулар болуп калды. Мен булар менен чогуу тамак ичем, ойнойм, сабакка даярданам. Кээде ырдап, бийлеп, кызыктуу окуяларды айтып беришет. Ар биринин билинбеген жашыруун таланттары бар. Бул балдар аябай өнөрлүү, таланттуу келишет. Өкүнүчтүүсү көпчүлүгү ден-соолугуна байланыштуу сабаты ачылган эмес, китеп окуп, жаза алышпайт, бирок кээде мен ойлобогон нерселерди ойлоп таап койушат.
Даярдагандар: Медетова Мээрим, Максатбеков Бекзат, Мүзүрүп кызы Элиза, Сагындык кызы Элназ, Дайырбек уулу Көлбай