Ош облусунун Ноокат ройонуна караштуу Кенеш айыл өкмөтүнүн Куу-Майдан айылында талаа эгиндерин коромжосуз сапаттуу жыйноо үчүн атайын короо курулду.

Талаа эгиндерине жылкы, мал, койлор тепселеп талкалап жибербөөсү үчүн, атайын убактылуу мал кармоочу жай курулду жана ошол мал жылкыларды коруп суу, отун карап туруш үчүн эки кароол дайындалды. Бул иштерди атайын көзөмөлдөп туруш учун 5 адамдан турган комиссия түзүлдү. Булар Куу-Майдан айылынын айылдык депутаттары Аширбеков Роман, Жороев Насир жана айыл тургундары Абдираимов Бакыт, Дуйшобаев Улан, Мадраимов Курсантбек болуп көзөмөлсүз калган мал ээлерине айыптап чара көрүшөт.


Куу-Майдан айылынын тургуну жылкы, мал камоонун кароолчусу Абдраимов Нурбектин айтымында:
«Ушундай камаккана кургандан бери элдин баары ыразычылыгын билдирүүдө. Биз баарын карап көзөмөл кылып турабыз. Эгиндерге түшкөн жылкыларды таап келип камап аларга суу, от берип карап жатабыз», -деп билдирди Абдраимов.
Куу-Майдан айылынын айыл башчысы Кенешбек Асамидиновдун демилгеси менен болгон ушул иштерине айыл эли чоң ыраазычылыгын билдиришти.
Даярдаган:Эльнура Кенешбек кызы.