Биз «Үркүн» тууралуу репортажыбызды улантабыз. Аалы Токомбаевдин «Кандуу жылдар» деген, кыргыз адабиятындагы биринчи ыр түрүндө жазылган роман тууралуу маек куруп беребиз.
Кененирээк маалыматты мектебибиздин мугалими Ажиева Гүлжандан алсак.

Токомбаевдин кандуу жылдары эмне болгон чыгарма?
— Аалы Токомбаевдин «Кандуу жылдары» кыргыз элинин 1916-жылдагы падышалык Россиянын жана жергиликтүү бийлөөчү таптын эзүүсүнө каршы улуттук боштондук көтөрүлүшүн, анын жүрүшүн, чыгыш себебин, кыймылдатуучу күчүн, жеңилишин, элдин Кытайга качышын, Кыргызстанда совет бийлигин орнотушун көрсөтүүгө арналган кыргыз жазма адабиятындагы ыр менен жазылган биринчи роман. Токомбаев бул романды 30 жылга жакын жазган. 1967-жылы Аалы Токомбаевге бул роман үчүн Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты деген наам берилген.

Кандуу жылдан кыскача окуп берсениз!
— Орустун карателдик отряды кыргыздарды кырган төмөнкү массалык сценаны каңырык түтөбөй окуй албайсын.
Бир кезде жаркылдаган кылыч жайнап,
Көп элди кырып кирди малдай айдап,
Куралсыз күч үстүндө толгон карып,
Канткенде чын ажалга кылсын кайрат.
Кылычтар эсеби жок канга батты,
Дарбыздай эчен баштар кулап жатты,
Чыңырып тигил жакка качканы менен
Кандардан майда-майда булак акты.
Кең талаа жан талашкан чууга толуп,
Ийменбей адам канын шимип соруп
Топурак кызыл камыр турун алды
Жуурулуп пендесинде ботколонуп.
Солдаттар карышкырдай кыргын салып,
Эрденсип аккан канга моокун канып
Ойношот тилгилешип аял ичин,
Боорунан жаш балдарын илип алып.
Ушундай ачуу чындык сүрөттөлгөн үчүн романдын биринчи китеби 1991-жылга чейин жалпы окурмандарга жеткен эмес.

Тарыхыбызды унутпай эстей жүрөлү!
Даярдаган: Медина Сатыбекова
Сынак үчүн