Учкунда «Салам Нооруз» аттуу балдар бакчасынын тарбиялануучулары концерт коюп беришти. Элдин саны көп болуп 50 сомдук билеттер бат эле сатылды.
Билеттен түшкөн акча каражаты балдар бакчасында оюн аянтчасын куруу үчүн жумшалмакчы.
«Биз кичинекей балдарга тарыхыбызды маданиятыбызды үйрөтүү максатында «Салам Нооруз «деген чакан концерт уюштурганбыз. Элге майрамдык маанай тартуулоо максатында уюштуруп жатабыз», — дейт концерттин уюштуруучусу Таалай Касымбекова.

Концерт шаңдуу болуп, маданият үйүнүн ичине көрүүчүлөр батпай калды.

Кээ бир айыл тургундарынын айтымында, билет баасы кымбат болуп калган. Бул туурасында концерттин уюштуруучусу Таалай Касымбекова мындайча баяндады.
«Келечек үчүн маани берип 50 сом сала турган болсок келечекте 5000 сом кылып кайтарып алышыбыз мүмкүн. Бул концерттин баасы өтө деле жогору эмес өзүн жабдыш керек. Балдардын аянтчасын түзүп жатканбыз, ошого кичине болсо да салым кылсын деген максаттабыз. Жалпысынан 200гө жакын билет чыгардык», — деди ал.

Ноорузга карата уюштурулган концертте бөбөктөр ырдап бийлеп жатышты.

Концерт 3 саатка чейин уланды.
Даярдаган: Бегимай Бекмурат кызы
Сынак үчүн