Бул күн мусалман элинин жаңы жыл майрамы. Жаз келип жер жарылып чөп чыккан күн, ай менен күн теңелген күн, кыргыз эли эзелтен бери майрамдап келген майрамы Кулатовто да өткөрүлдү.
Ош облусунунун Ноокат районуна караштуу Кулатов айылында Нооруз майрамы негизинен сынак түрүндө өткөрүлдү. Улуттук спорт оюндары өткөрүлүп, боз үй тигилип, улуттук тамак аштар, тарыхый окуялардан көрүнүш, улуттук бийилерди тартуулашты.
Сынакка Кулатов айыл өкмөтү боюнча алты айыл катышты. Бул тууралуу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Аида Жээнбаева маалымдады.
Анын айтымында, быйыл айырмаланып ”Тарых жана маданият жылына карата” кайсы айыл болсо, ошол айылдын таржамалын жана тарыхын көрсөтүп беришти. Биринчи орунга 10 миң сом, экинчи орунга беш миң сом жана кызыктыруучу сыйлыктар коюлган. Жалпысынан майрамга 80 000 акча сарпталса анын ичинен 25 000 спорт оюндарына, калганы Ноорузду уюштурууга кеткен.
Майрам спорттун беш түрү ойнолгонун айтты Абшыр-Ата спорт комитетинин башчысы Абдыкадыров.
Анын айтуусу боюнча, быйыл негизинен абдан күчтүү деңгээлде өткөрүлдү, себеби улуттук оюндарда Көк бөрү жана Ордо оюну кошулуп шаңдуу болду.
Арык-Тейит жана Таш-Булак айылдары бул сынакта биринчиликти багындырды. Ал эми экинчи орунду болсо Кожо-Арык жана Кызыл-Булак айылдары багындырышты.
«Биз өкмөттөн берилген жобо боюнча дайрданып Кыргыз элинин жашоосун чагылдырып жана улуттук ырлырды, бийилерди аткарып бердик. 1916-жылы богон Үркүндү чагылдырып бердик. Алардын ичинен сармерден оюундарын өткөрүп бердик. Кыргыз элинин эзелтен жашап келген Боз үйүн тургузуп, улуттук тамак аштарды көргөзүлдү. Улуттук оюндарды аткардык», — деп билдирди Арык-Тейит айылдык тайпасын уюштурган Тамара Зикираева.
Арык-Тейит жана Таш-Булак айылдары мындай сынактардан калбай катышып ийгиликтүү орундарды багындырып келген.
Даярдаган: Марлен Жамалов
Сынак үчүн