Түп районуна караштуу Асан Сопиев атындагы Тасма орто мектебинин 11-классынын окуучусу Эламан Асылбек уулу 7 жылдан бери грек-рим күрөшү менен алектенет. Спортчу райондон, облустан, республикадан эл аралык турнирлерде алдыңкы орундарды багындырган.
Спортчу Эламан Асылбек уулу спорт менен алектенгенден бери жашоосунда өзгөрүүлөр болгонун билдирди. Мурда убактысын үнөмдөгөндү билбесе, учурда машыгууга, үй жумуштарына жардам бергенге жетишип жүргөнүн айтат.
“Спорт менен алектенген өзүңө эле жакшы, ден-соолугуң чың болот. Ар кайсы шаарларга барып таймаштарга катышып келебиз. Мурда досторумдун бары келип машыгып жатканына мен дагы келип аябай кызыгып кеткем”, — деп айтып өттү Асылбек уулу.
Эламандын машыктыруучусу Тилекмат Атагулов учурда эл аралык мелдешке эки маал машыгып жатышканын билдирди. Спортчу ийгиликке жетиш үчүн талбай машыгуусу, максат коё билүүсү керектигин айтат.
“Спорт менен алектенгендерге спирт ичимдиктерин ичүүгө, тамеки, насывай сыяктуу зыян нерселерди колдонгонго болбойт. Алар мен спортчумун деп эле башка балдар менен мушташканга болбойт”, — деп билдирди Атагулов.
Эламандын атасы Тилек Бакачиев баласы турнирлерге барганда жеңишке жетпей калган күндөрү аз болорун билдирет.
“Эламандын спортко катышканын колдойм. Мелдештерде дайыма ийгиликтерге жетишип келет. Ал ийгиликке жеткенде аябай сүйүнөбүз. Эң баалуу сыйлыгы болуп Таласта өтүлгөн Канатбек Бегалиевдин турниринде 1-орунга ээ болуп плазменный телевизор утуп келген. Үйдөн дагы аябай көп жардамдарды берет”, — деп айтты Бакачиев.
Даярдагандар: Саадат Турдуматова, Гүлзар Курманбек кызы
Сынак үчүн