Түп районунун Чоң-Тогузбай айылынын тургуну Асылбек Ракым уулу бокс, вале-тудо боюнча спорт чебери наамына ээ болгон. Кулатуу боюнча КМС (спорт чебери) наамын алган.
Ал спорт менен 7-классынын баштап катышып, көптөгөн жеңиштерди багындырган. Спортчунун машыктыруучусу Фархат Алжанбаев болгон.
Асылбек Ракым уулу мурда айылда өнүгө электе грек-рим күрөшүнө катышкан, андан соң Каракол шаарына барып, ошол жактан спорттун башка түрлөрүн өздөштүрүп уланткан.
“Учурда бокс, вале-тудо Бразил түрүнөн, кулатуу, эрежесиз эр мушташ спортун түрлөрү менен алектенем. Шапак баатырды, Ормон хан кубогуна, 2012-жылы Киргизияны утуп, спорт чеберин алгам. Жеңишке жеткенде абдан кубанып, толкундангам”, — деп билдирди Ракым уулу.
Спортчунун атасы Ракым Урмакеев баласы менен сыймыктанарын билдирди.
“Балам айылда шарт болбогондуктан көп машыга алган жок, шаарга барганда андан ары улантып ийгиликтерге жетти”, — дейт спортчунун атасы.
Даярдаган: Салават Жангабылов, Айгерим Кубатбекова
Сынак үчүн