Тасма айылынын Сопиев мектебинде 6-классынын окуучуларына дары чөптөр темасында ачык тарбиялык саат болуп өттү. Бул сабакта окуучуларга дары чөптөрдүн түрлөрү алардын пайдасы тууралуу айтылды.
Сабакка мектептин мүдүрү, окуу тарбиялык иштери боюнча орун басары жана башка мугалимдер катышты.
6-класстын жетекчиси бул сабакка эки жума даярдык көргөндүгүн баяндады.
“Кыргызстанда 200дөн ашык дары чөптөрдүн түрү бар. Бүгүнкү сабакта окуучулар 18 дары чөптүн түрүн жактады. Бул сабактан окуучулар дары чөптөрдү турмушта колдонууну үйрөнүштү”, — деди ал.
6-класстын окуучусу Нуркыз Темиркул кызы бул сабактан чөптөрдүн дарылык касиетин окуп билип алдык дейт.
“Элдин баа жеткис байлыгы” деген темада тарбиялык саат өттүк. Тарбиялык саата биз билбеген пайдалуу дары чөптөрдүн кандай пайдалуу жактары бар экенин билип алдык. Кайсы ооруларга колдонуу керек экенин үйрөндүк”, — деп бөлүштү Нуркыз.
Мектептин окуу тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары Назира Өмүрзакова өтүлгөн сабак боюнча сунушун билдирди.
“Мурдатан бери эле ата-бабаларыбыз дары чөптөрдү колдонуп келишкен. Чычырканак, жалбыз, шыбак чөптөрдү азыркы учурда да дарылыкка колдонуп келишүүдө. Тарбиялык саатта ар бир окуучуга дары чөптөр боюнча бөлүнүп берилген экен, ал боюнча жакшы даярдык көрүшкөн. Бирок кемчилиги чөптөрдү алып келип окуучуларга көргөзүп бергенде жакшы эсинде калмак, шакар самындын пайдасы тууралуу кененирээк айтып берсе болмок”, — дейт Назира Өмүрзакова.
Даярдаган: Алина Амантурова
Сынак үчүн
АА