Үч-Коргон айылында жайгашкан Пушкин орто мектебинде 2015-жылы мектеп директорунун сунушу менен таэквондо секциясы ачылган. Ага катышкан айылдын жаш тургундары эл аралык турнирлерде ийгиликтерди багынтууда.
![IMG-20160422-WA0000[1]](http://uchkorgon.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/6/2016/04/IMG-20160422-WA00001.jpg)
Имамиддин Сарыбаев спорттун таэквондо түрү боюнча жаштарды машыктырып бир топ жылдардан бери иштеп келүүдө.
![20160405_203713[1]](http://uchkorgon.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/6/2016/04/20160405_2037131.jpg)
«Тажикистанда болуп өткөн таэквондо боюнча турнирлерде Үч-Коргон жаштары байгелүү орундарга ээ болуп жакшы жыйынтыктарды көрсөтүштү», — деп билдирди Сарыбаев.
Сарыбаев кошумчалагандай, март айында таэквондонун ВТФ түрү боюнча «Эң мыкты балдар жана өспүрүмдөр» ачык эл аралык турнирде Үч-Коргондун таэквондочулары Казакстан Республикасынын 25-жылдык эгемендүүлүгүнө арналган «DOSTAR» кубогуна жолдомо алышкан.
![IMG-20160403-WA0004-1[1]](http://uchkorgon.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/6/2016/04/IMG-20160403-WA0004-11-1.jpg)
Эл аралык турнирге Юрсунов Шероз, Исмаилов Азиз жана 3- класстын окуучусу Абдукаримов Мухамед катышышып, алдыңкы орундарды ээлеп, турнир жеңүүчүлөрү болушту. Учурда алар Евразиялык турнирине даярданууда.
Дайрдаган: Сайёдбек Нусратуллаев
Сынак үчүн
КМ