Түп районундагы Токтоян айылынын тургундары арча көп ооруларды алдын аларын билишип, аны үй шартында да өстүрүп алышууда. Айыл тургундары арчаны барктап-баалап колдонушат жана анын касиеттерин билишет.
Арчанын сырын билген жана аны кеңири колдонуп өстүрүп келген айыл тургуну Рахат Асанбекова бизге төмөндөгүчө баяндап берди.

— Илгертен бери эле ата-бабаларыбыз оору-сыркоолорду айыктыруу үчүн арчаны колдонуп келишкен. Азыр деле аны баалап баркташат. Мен өзүм жаратылышка жакын болгондуктанбы айтор аны үй шартында өстүрүп көрөйүн деп өстүрүп көрдүм. Албетте жапайы арчадан айырмаланып турат, жапайы арчанын түсү жашыл болуп турат, ал эми үй шартында өскөн арчалардын түсү ачык жашыл болот экен. Мен арчаларды сасык тумоодон алдын алуу үчүн жана үйдү тазалоого да колдоном.
Айыл тургуну Эмил Рыскелдиев арча туралуу буларды айтты.
— Биз арчаны токойдон алып келип колдонобуз. Мага анын жыты жагат ошол себептен аны тез-тезден түтѳтүп турабыз. Арча да жайы кышы да жапжашыл ѳң берип кыш мезгилинде кѳзгѳ абдан жакшы кѳрүнүп турат.
Даярдаган: Мукашова Нурпери, Рустемова Бермет
Редактор: Нуриса Максат кызы.
Сынак үчүн