Терек-Суу айылындагы Курама уулу Турусбек орто мектебинде гүлдѳр кѳргѳзмѳсү болуп ѳттү. Кѳргѳзмѳнүн шарттары ар бир класс бештен гүл алып келип, алардын кайсы мамлекетен чыкканын жана кандай пайдалуу жактары бар экенин жактап берүү болду.

Гүл кѳргѳзмѳсүнүн уюштуручусу жана мектеп директорунун орун басары Нуржамал Казакбаева иш-чаранын максаттарынын бири — кыздарды гүлгѳ кызыктыруу жана ошону менен бирге гүлдүн пайдалуу жактары менен таныштыруу дейт.

«Бардык класстарга айтылган, бирок кээ бир класстар даяр болбой калгандыктан алты класс келип катышты. Окуучулар аябай активдүү катышып беришти гүлдѳрдү алып келип жактап беришти. Жеӊүүчүлѳргѳ грамоталар берилет», — деп билдирди Казакбаева.
Бул гүл кѳргѳзмѳсү мектепте биринчи жолу өткөрүлүүдө. Иш-чарадан айрым окуучулар керектүү маалымат алганын айтышты.

«Мен буга чейин кээ бир гүлдѳрдүн тарыхын билбейт элем. Азыр билип жатам. Мага окшогон окуучулар дагы гүлдѳр жѳнүндѳ жакшы маалымат алышты. Бул кѳргѳзмѳ жылда болбочу, быйыл биринчи жолу болуп жатат. Бул кѳргѳзмѳдѳ гүлдѳрдүн идишине жана кооздугуна кѳӊүл бурулду», — деди мектеп окуучусу Гүлиза Рысбек кызы.

Даярдаган: Даткайым Эрнис кызы
Редактор: Луиза Айтымбетова
Сынак үчүн