«Акбакай» жааматык мультимедиа борборунун кабарчысы Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылынын тургундарынын арасында «18 жашка жете электерге спирттик ичимдиктердин сатылышы» боюнча сурамжылоо жүргүздү.
Терек-Суу айылындагы “Аяз” дүкѳнүнө баш багып, анын ээси Кенже Батырбековага микрофон узаттык. Батырбекова дүкѳнүндѳ ичкилик сатылбасын айтты.
— Саламаттыкты сактоо министирлиги жар салды, 18 жашка жете элек ѳспүрүмдѳргѳ ичкилик сатылбасын деп. Менин дүкѳнүмдѳ такыр эле ичкилик сатылбайт. Бул жарлык эӊ туура деп ойлойм. Дүкѳндѳ окуучуларга керектүү эле нерселер сатылат.

Айылдагы дагы бир дүкөн иштеткен Анаркан Касымбекова буйрук чыкканга чейин деле өспүрүмдөргө спирттик ичимдиктерди сатпаганын айтат
— Мен башынан эле ѳспүрүмдѳргѳ ичкилик сатпайм. Буйрукту аткарып жатам деп ойлойм. Саламаттыкты сактоо министирлигине толугу менен кошулам. Жаштарга ушул темада түшүндүрү иштери жүргүзүлсѳ болмок. Ошондо алар ичимдиктин кандай зыян экенин түшүнүшмѳк.
Айыл тургуну Жамалкан Убалканова ѳспүрүмдѳрдү ичкиликтен гана эмес, дегеле зыяндуу заттардан алыс кылыш керек деген пикирде.
— Жаш балдарды түнкүсүн кѳчѳгѳ чыгарбаш керек. Бардыгы ошол кѳчѳдѳн башталат. Биринчиден ата-эне балдарын кѳзѳмѳлдѳш керек, убакыт сааты менен кѳчѳгѳ чыгарса жана тарбияны жакшы берсе бала ѳзү деле мындай иштерден алыс болот.
Даярдаган: Даткайым Эрнис кызы
Редактор: Луиза Айтымбетова
Сынак үчүн