Токтогул районунун Терек-Суу айылында Компаньон банкынын сактык кассасы он жылга жакын убакыттан бери иш алып барып келет. Компания банкка айлангандан бери айыл тургундарына толук кандуу банк кызматтарын көрсөтө баштады.
Компаньон банкынын Терек-Суу айылындагы сактык кассасынын башчысы Аксен Абдалиевдин билдиришинче, эми айыл тургундары Токтогулга барып, жол кире коротпой, айылдан которуп, сырттан келген акчаларды айылдан эле ала алышат.

«Банк Терек-Сууда 2008-жылы 10-июлда ачылган. Бир жыл мурун банк болдук, ага чейин микрофинансылык компания болчубуз. Элге биринчи кызматыбыз — айыл-чарба өнүктүрүү жана соода тармактарын өнүктүрүү боюнча көмөк кылуу. Эл аралык акча которууларыбыз бар, ошондой эле, Кыргызстан ичинде дагы акчаларды которобуз. Андан сырткары депозит акча салуулары бар. Банк кайсы кызматты аткарса, ошонун бардыгын аткарат», — деп айтып берди Абдалиев.

Жаңы жылдан тарта айыл тургундары айлык жана пенсияларын банктан ала башташат. Алдыңкы пландарда банкомат жана терминалдар орнотулаарын айтып өттү ал.

Терек-Суу айылынын тургуну Турганбү Койчуманова банктын кызматынан көп колдонот.
“Мен бул жерден кредит алам, кайра убагында төлөп турам, банктын кызматын көп колдоном. Банктын кызматы мени канаатандырат, кызматкерлердин дагы тейлөөсү жакшы. Банк тарабынан зыянга учураган жокмун”, — деп билдирди ал.

Ал эми айылдын дагы бир тургуну Эльнура Мырсраимова айылга банк ачылып, акча которууда жеңилдиктер пайда болгонун айтты.
Даярдаган: Гүлзина Дүйшөнбек кызы
Редактору: Азима Нурбек кызы
Сынак үчүн