Түп районунун Чоң-Тогузбай айылында сулуулар сынагы болуп, ага беш кыз катышты. Сынакта 9-классынын окуучусу Назми Социалова жеңишке жетти.
Мектептин маданият министрлери Орозбек Иманбаев жана Алина
Жапарованын уюштуруусу менен өткөн сулуулар сынагына Кубанычбек Мамытов орто мектебинин беш окуучу кызы катышышты.
Сынакта сулуулар кол өнөрчүлүк, камыр жууруп кесме кесүү, монолог, бий багыттарында өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Таланты жана өзгөчө чеберчилиги менен беш кыздын ичинен суурулуп чыгып баш байгени 9-классынын окуучусу Назми Социалова жеңип кетти. Ага диплом менен таажы ыйгарылды.

«Мен бул жеңишке жеткениме абдан кубанычтамын. Абдан толкунданып жатам. Менин бул конкурска катышуума апам көмөк көрсөттү. Ал эми кол өнөрчүлүк жагынан Мунара жеңе чоң таасирин тийгизди десем жаңылышпайм. Мени колдогон күйөрмандарга чоң рахмат», — деп айтып өттү Назми.


Мектептин окуу бөлүм башчысы Фарида Кыдыкбаева сынак мыкты жана калыс өттү деп белгилейт.

«Себеби бул сынакка катышкан кыздар абдан жакшы даярданганы көрүнүп турат. Негизи бул жерде баары мыкты, бирок биз мыктынын мыктысын тандадык. Бирөө жеңет, бирөө жеңилет деген бар. Уюштурган окуучуга ыраазычылык билдирем», — деп сөзүн жыйынтыктады окуу бөлүм башчысы.

Сулуулар сынагы калыстык менен чечилген жок дейт атын жашыруун калтыргысы келген окуучу.
«Бул конкурс жакшы деңгелде өттү. Катышуучулар абдан күчтүү экен. Таймашуу көпкө созулду. Бирок жыйынтыгы калыстык менен чечилген жок десем жаңылышпайм. Мен калыстарга нааразымын», — деди ал.
Даярдаган: Нуриза Муратбек кызы, Нурзада Бекенова
Редактор: Салават Жангабылов
Сынак үчүн
Телефондон жазылды