Жайыл районунун Кара-Суу айылындагы орто мектептин ашканасы көп жылдан бери оңдолбой келет. Бул көйгөйдү чечүү үчүн атайын долбоор жазылып, тургундар болсо өздүк салым үчүн ар бири 500 сомдон акча чогултуу чечимин колдошту.
Долбоор менен мектеп көйгөйүн чечүү үчүн Кара-Суу айылынын тургундары чогулуп бир келишимге келишти. Алар мектептин ашканасын жакшыртууну каалашат. Бул тууралу ашкананы жакшыртуу боюнча долбоор жазууну колго алган Марипа Каралаева буларга токтолду:


— Жайыл районунун Кара-Суу орто мектебинин мугалими болуп иштейм. Иштеп келе жаткан өмүр жолумдун ичинде, 2004-жылдан бери, бир нече жолу долбоорлорду жазганмын. Быйылкы жылы Швейцариянын каржылоосундагы чакан гранттар программасын, элдердин үнү жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жоопкерчилиги, бюджеттик процесс долбооруна катышып, биздин мектептин ашканасын оңдоого аракет кылып жатабыз. Бул долбоорду колдоо үчүн биздин айылда эки жолу чогулуш болду. Биринчи чогулушта биздин айылдагы көйгөйлөр жөнүндө сүйлөштүк. Ошол көйгөйлөрдүн ичинен негизгиси деп ашкананы чечкенбиз. Кайрадан ушул долбоорду талкулоо үчүн экинчи жолу жалаң жаштар чогулуп, долбоордун өздүк салымына болгон каражатты табыш үчүн, ар бир түтүн 500 сомдон акча чогулталы деп бир келишимге келдик. Ал акчаны биз 21-22-мартта чогултуп, долбоорду кечиктирбешибиз керек. Баардыгыбыз үчүн бул ашкана керек, баардыгыбыз пайдаланабыз. Ашкана бул биздин балдарыбыздын ден соолугуна керектүү нерсе. Эгерде балдар сапаттуу тамак ичип турушса, алардын ден соолугу чың болот. Ден соолугу чың балдар, биздин айылыбыздын келечеги деп эсептейбиз.
Даярдаган: Элзат Джумабаев
Тренер: Азирет Туратбеков
Сынак үчүн