17-март 2017-жылы Суусамыр айылдык кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү.
Күн тартибине 2 маселе коюлуп, ар кандай маселелер менен толукталды. Жалпысынан отурумга 21 депутаттын 17си катышып, 4 депутат белгилүү себептер менен катышкан жок.
1-маселе боюнча Суусамыр айыл аймагандагы кээ бир мекеме жетекчилеринин 2016-жылдын отчету жана 2017-жылга карата иш пландары менен тааныштырылды. Биринчилерден болуп, Алиев Шахтообек атындагы Суусамыр участкалык электр тармагынын башчысы Ашыр уулу Чынгызбек, мекеменин иши боюнча жалпы маалымат берип, быйылкы жылга карата иш пландары менен тааныштырды. Айылдык депутаттар тарабынан ар андай суроолор жана пикирлер айтылып, суроо жооп менен толукталды. Тактап айтканда, Париж участкасындагы трансформаторлор боюнча, Кожомкул айылындагы Жоо Жүрок көчөсүнө трансформатор коюу, Кайсар айылынын трансформаторунун кубаттуулугу, Каракол участкасына өзунчө трансформатор коюуга болобу деген суроолор берилип, такталган жоопторду ала алышты.
Андан тышкары, Суусамыр участкалык электр тармагынын башчысы Ашыр уулу Чынгызбек, айыл тургундарына берилген жеңилдиктер боюнча токтолуп, ар бир абонентке бир жылда 784 сом женилдик берилерин тактап айта кетти.
Суусамыр айылдык жалпы дарыгерлер бөлүмүнүн дарыгери Дилдекан Кулуева, учурда оорукананын жетекчисинин убактылуу милдетин аткаруучу болуп дайындалгандыгына байланыштуу Суусамыр айылдык ооруканасынын жалпы иштелген иштери тууралуу толук маалымат бере алган жок. Болгону, оорукананын карамагына 7 ФАП караштуу экендигин жана оорукананын унаа маселеси оор экендигине токтолду. Кызыл-Ой айылынын депутаты Максат Молдобеков Кызый-Ой айылындагы ФАПтын ишин көзөмөлдөп, иш тартибине чакырууну сунуштады. Себеби, айыл тургундарынан ФАПтын медайымдарына нааразычылык болуп жаткандыгын баса белгиледи. Ошондой эле дарыгер Дилдекан Кулукеева, Кожомкул айылындагы ФАП авариялык абалда экендигине токтолду.
Суусамыр өрөөнүндө 5 орто мектеп бар. Алардын мектеп директорлору 2016-2017-окуу жылындагы иштери, ийгиликтери жана албетте көйгөйлөрү менен бөлүштү. Өзгөчө мектеп директорлору кам көрүү кеңешинен чогулган акча каражаты каякка жумшалып жаткандыгы тууралуу маалымат бере алышты. Депутаттар К.Конушбаев атындагы орто мектебинин директору Эсеналиве Нурлан Садирдиновичке, кам көрүү кеңешинин каражаты кайда жумшалгандыгы тууралуу маалыматты депутаттарга берүунү суранышты. Конушбаев атындагы орто мектебинде компьютер, принтердин тартыштыгы, компьютердик класстардын эскилиги, жарыктандыруу маселелери бар экендиги айтылды.
Туркмөн орто мектебинин директору Султанова Гулмира Калдарбековнанын билдирүүсүнөн кийин, депутаттар окуучулардын ашканада чай ичүүсу жана булочка, пряниктердин өз убагында жеткирилип жатабы деген суроосун узатышты. Андан тышкары жылытуу системасы, эшик терезелердин эскилиги тууралуу маселелер айтылды.
Иманжан Бегимкулов атындагы орто мектебинин директору Жапарбек уулу Жылдызбек, мектепке бөлүнгөн акчалар кайда жана кантип жумшалгандыгы тууралуу маалымат берип, бир катар көйгөйлөр да бар экенин белгиледи. Негизинен, орто мектептин дааратканасын башка жерге жаны тургузуу алдынкы маселе экендигин айтты.
С.Мырзакматов атындагы орто мектептин директору Жылдыз Бектурганова, мектепке класс кабинеттер демөөрчүлөр тарабынан жасалып жаткандыгын айтып, мектептин эски корпусундагы электр чубалгыларын жаныртуу маселеси тургандыгын баса белгиледи.
С. Карабеков атындагы орто мектебинин директору Кыял Шабданбеков кам көрүү кеңеши тууралуу отчет берип, мектепте окутуу класстык системадан кабинеттик системага өткөндүгүнө байланыштуу парта жана стулдар жетишсиз экендигин айтты.
Бардык директорлорго депутат Зоодан Асаналиев “Отчетто чарбалык иштерге басым жасап, тарбия билим, рекетчилик тууралуу эч киминер айткан жоксунар, адеп,ыйман жана маданияттуулук жылына карата кандай иш-чаралар пландалып жатат?”, деп сурады.
2-маселе боюнча Суусамыр айыл өкмөтүнүн башчысы Кожомкул айылындагы почта бөлүмүнүн имаратын Кыргыз почтасына берүү тууралуу сунуш түшүп, бирок айылдык кенештин токтому аркылуу болорун түшүндүрдү. Бирок кенештин депутаттары алдыга карап, иш кылуу керек деген принцип менен, почта бөлүмүн ордунда калтырууну чечишти.
Андан тышкары, АРИС программасынын ишмердүүлүгу, аксакалдар сотунун ишмердүүлүгү жана кайрылуу каттарга орун берилип, талкуу менен коштолду.
Айзада Калканбекова