Ысык-Кɵл облусунун Тоң районуна караштуу Туура-Суу 1 айылында 21-март күнү күн менен түн теңелгендигине байланыштуу Тɵрт-Күл айыл ɵкмɵтүндɵ Нооруз майрамы белгиленди. Аталган майрамга 5 тен ашык айыл катышып жеңүүчү табылды.


Нооруз майрамынын ɵтүшү тууралуу Тɵрт-Күл айыл ɵкмɵтүнүн башчысы Урмат Байсеркеев тɵмɵнкүлɵргɵ токтолду: «Менин айыл ɵкмɵтү болуп келгениме 1 жыл болду. Буга чейин арбир айыл кварталдары ɵз-ɵзүнчɵ ɵткɵрүп жүрүшкɵн, быйыл бардык айылды бириктирип, ынтымакта бир айылда ɵткɵрɵлү деп Тɵрт-Күл айылына чогулдук. Нооруз майрамында чечүүчү маселелер ар тараптуу жана кɵп ошолордун баарын чечип берүүгɵ аракет кылдым.


Мисалга алсак, кайсы жерде ɵткɵрүлɵ тургандыгын жана ошондой эле программаларына кичине болсо да ɵз оюмду кошуп чогулуп иш жүргүздүк. Быйыл баары чогулуп Нооруз майрамын ɵткɵрүп жаткандыгына
байланыштуу кɵптɵгɵн оюн-зооктор ойнотулат жана жеңүүчүлɵр табылат. Мына эң биринчи эле оюнду марафон менен баштадык марафондо Туура-Суу айылынын тургуну Калык улуу Урумбек жеңүүчү деп табылды.»


Туура-Суу айылынын айыл башчысы Кадыр Иманакуновго кайрылганыбызда: «Нооруз-бул илгерки ата-бабадан калган майрам. Бул майрамга 5айыл катышып жатат. Ар бир айыл боз үй тигишип улуттук тамак- аштар коюлду ɵзүлɵрү да улуттук кийимдерди кийишип ата-бабадан калган салттарды кɵрсɵтүп беришмекчи деген жообун узатты.»
Бул майрамда айылдар арасында ɵткɵрүлгɵн «Улуттук тамак-аштар» конкурсунда Туура-Суу 1 айылы 1-орунга ээ болду.
Даярдагандар: Жумагулова Кантай, Эрмек кызы Бегайым, Кадыров
Актан