Сейдибакас Ынакбеков Улуу Ата Мекендик согуш башталганда 24 жашта болгон.

Сейдибакас Ынакбеков
«Кызыл Жылдыз» орденинин ээси Сейдибакас ата 1917-жылы Ак-Талаа районундагы Жаңы-Тилек кыштагында туулган. 1935-жылы Дөрбөлжүн(Баетов) айылындагы 7 жылдык мектепти бүтүрүп, ушул эле айылдагы мектепте башталгыч класстын мугалими болуп эмгектенген. Андан соң 1936-жылы Фрунзе шаарындагы Кыргыз педагогикалык институтунун кыргыз тил бөлүмүндө окуп жаткан кезде, 1938-жылы Жумушчу-дыйкандардын Кызыл Армиясынын катарына аскерге чакырылган. Аскерде 47-тоолук аткычтар дивизиясынын зениттик жана пулемёттук ротасынын 90-бөлүгүндө наводчик кызматындагы катардагы кызыл аскер болуп кызмат өтөгөн. 1940-жылы аскерде Коммунисттик Партиянын катарына кабыл алынган. Аскерден кайтып келгенден кийин райондо жооптуу кызматтарда иштеген. 1941-жылы Сейдибакас ата партиялык мектепте окуп жатканда Улуу Ата Мекендик согуш башталат.Ошентип кайрадан аскерге чакырылып,Ташкент шаарындагы аскердик-саясий училищада окуйт.

Жубайы Мария Момбекова менен
Ташкенттен келип, сүйүктүүсү Момбекова Марияга үйлөнгөндөн кийин согушка аттанган.1941-1944-жылдар арасында көптөгөн аскердик бөлүктөрдө командирдин саясат бөлүмүнүн орун басары болуп кызмат өтөгөн. Ал эми 1944-жылдын 30-октябрынан 1945-жылдын 10-февралына чейин Биринчи Украина фронтундагы 127-аткычтар дивизиясында, 549-аткычтар полкунун пулемёттуу ротасынын командири болгон. Ушул фронтто Сейдибакас ата жаракат алган. Сакайып чыккан соң 1945-жылдын 15-майына чейин 389-аткычтар дивизиясындагы 545-аткычтар полкунун аткычтар ротасынын командири болуп, Берлинди алууга катышкан. Согуштан кийин кичи Мекенинде аскер комиссариатында эмгектенип, Ат-Башы районунун эмгекчи депутаттарынын райондук кеңешине депутат болуп шайланган.

Чоң ата, чоң апасы менен
Небереси Максат Ынакбековдун айтымында чоң атасы ардактуу эс алууга чыкканга чейин 1958-жылы Тянь-Шань облустук аскер комиссары болуп дайындалып, эки жыл иштеген. Мекенге ак кызмат өтөгөн полковник аскердик өмүр жолунда ондогон орден-медалдар менен сыйланган.
Атап айтсак; 1942-жылы «Сталинградды коргогондугу үчүн» медалы, 1942-жылы «Согуштагы эрдиги үчүн» медалы, 1945-жылы «Берлинди алгандыгы үчүн номери, 1945-жылы «Германияны жеңгендиги үчүн» медалы ж.б. Каарман атабыздын Мекенин коргоодогу көрсөткөн эрдиктерин , эли-жери үчүн кылган эмгектерин урпактарга үлгү, мурас катары түбөлүккө калтыруу максатында айыл жамааты, уул-кызы демилгелеп, 1993-жылы өзү жашаган көчөгө ысымы ыйгарылган Баатырлар аллеясында эстелиги орнотулган.

Маалымат ардагердин небереси Максат Ынакбековдон алынды.
Барчын Мамытбекова