Быйылкы жер айдоо иштери Суусамыр өрөөнүндө жылдагыдан эрте башталды. Орчундуу үрөн маселеси да чечилип, дыйкандарга мамлекет тарабынан 2 жылга 150 тонна үрөн насыяга алынып келинген. Кийинки жылы ноябрь айына чейин 21 сом 50 тыйындан төлөнүүсү керек. Бул мамлекет тарабынан насыяга берилген үрөн былтыркы сентябрь айында жааган кардан жабыр тарткан 154 дыйканга таркатып берилген.
Арпа себүү учуру
“Өкмөт насыяга берген үрөндөн сырткары 86 тонна үрөн дотация жолу менен алдык. Тактап айтканда мамлекет арпанын баштапкы баасын 21 сом деп бекитип берсе, жеке адам үрөн чарбаларга барып 14 сом 50 тыйын төлөйт, анан биз айыл өкмөт дыйкан чарбага керек деп мамлекетке кайрылуу жасагандан кийин 7 сом өкмөт төлөп берет. Бирок бул үрөндөр азык кылат, ошондуктан Кара балта шаарынан, Москва районунан алынып келген үрөндөр да бар. Күйүүчү май тууралу айта турган болсок жеке адамдар 3 май ташуучу машина алып келип, дыйкандарга 38 сомдон таратты. Техникалардын баасын биз жылда сессияда бекитип берчү элек, быйыл өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу былтыркы көрсөткүчтө калтырдык. “-деп билдирди Суусамыр айыл өкмөтүнүн башчысы Урмат Отунчиев.
Кызмат көрсөтүүчү техникалар айдоо үчүн 20 литрге 800 сом, малалоо 7 литр 400 сом, себүү учүн 5 литрге 350 сом акы алышат.
Техникалар башка райондордон да келишкен
Исланбек Чупоев көп жылдан бери үрөн айдайт. Быйыл мурдакыга салыштырмалуу өтө аз гектар үрөн септи. Анын айтымында былтыр сентябрь айында жааган кардын кесепети кээ бир дыйкандарга үрөн жетишсиздиги, үрөн алууга каражаттын жетишисздиги сыяктуу көйгөй жаратып жатат дейт.
Суусамыр өрөөнүндө жер айдаган дыйкандардын 80% сырттан келген. Алар Ак-Башат айыл өкмөтүнөн, Новониколаевка жана Москва райондорунан келген дыйкандар.
Зыйнат Самар кызы