Ар бир экономикалык ишмердүүлүк менен алектенген адам салык төлөйт. Бирок, баардык эле салык төлөөчүлөр салык тууралуу тийиштүү маалыматка ээ эмес. Алдыда, жарандардын салык тууралуу кызыктырган суроолоруна жооп беребиз.

иллюстрациялык сүрөт
1. Төлөнгөн салык жарандарга кандай пайда алып келет?
Салык кызматынын негизги милдети – салыктарды өз убагында жана толугу менен чогултуу. Чогултулган салыктардын негизинен мамлекет тийиштүү иш-чараларды ишке ашырат. Бюджетте керектүү каражаттар бар болсо, мамлекет өзүнүн түз милдеттерин аткара алат – калкты социалдык жактан колдоо жана коргоо, медициналык жактан камсыз кылуу, билим берүү, жол, мектеп, ооруканаларды куруу, айлык акыларды, пенсияларды жана жөлөк пулдарды өз убагында берүү.
2. Социалдык фондго төлөмдөр эмне үчүн жүргүзүлөт? Ал салык төлөөчүлөр үчүн кандай мүмкүнчүлүктөрдү берет?
Камсыздандыруу төгүмдөр жаран пенсияга чыкканда — пенсия катары кайтып келүүчү сумма. Ошол үчүн ар бир жаран аны төлөөгө кызык болуш керек.
3. Ипотека төлөп жаткан жарандар салык төлөбөй койсо болобу?
Салык мыйзамында мында каралган эмес. Экономикалык иш менен алектенсе салыктарды төлөөгө милдеттүү.
4. Патент төлөөнү кечиктирсе айып пул салынабы? Эгер, айып пул каралса канча күн аралыгында төлөө керек?
Патент берилген мөөнөтүнө гана жарактуу болот. Мисалы жаран патентти 30 күнгө алса, патент 30 күнгө эле жарактуу. Эгер жаран патенттин мөөнөтү өткөндөн кийин иштебесе, ал андан кийин патент албай деле койсо болот. Бирок патент алып экономикалык иш менен алектенсе, ага айыптар салынат жана патент алууга мажбур болот.
5. Кыргызстандын жараны болбогондор салыктын кандай түрлөрүн төлөшөт?
Мамлекеттик мыйзамдарга ылайык түзүлгөн корпорация, компания, фирма, фонд, мекеме жана башка түзүлүш же эл аралык уюм, — Салык кодексине ылайык тийиштүү салыктарды төлөшөт. Мындый уюмдар эл аралык уюм деп аталат.
Ал эми жарандар көбүнчө патент алуу аркылуу экономикалык ишмердүүлүк менен алектенишет. Алар үчүн патенттин суммасы Кыргызстандын жараны алган патенттин суммасынан 5 эсе көп болот. ЕАЭБ өлкөлөнүн жарандары кыргыз жарандары төлөгөн сумманы төлөшөт.
6. Мамлекеттик жана жергиликтүү салыктын айырмасы эмнеде?
Кыргызcтанда жалпы мамлекеттик салыктар жана жергиликтүү салыктар, ошондой эле атайын салык режимдери белгиленет.
Жергиликтүү салыктар мамлекеттик салыктар менен айырмаланып, Салык кодекси жана жергиликтүү кеңештердин ченемдик укуктук актылары менен колдонууга киргизилүүчү, тиешелүү администрациялык аймактык бирдиктердин аймактарында төлөнүүгө милдеттүү болгон салыктар.
Салыктардын жалпы мамлекеттик түрүнө:
1) киреше салыгы;
2) пайда салыгы;
3) кошумча нарк салыгы;
4) акциз салыгы;
5) жер казынасын пайдалануу салыгы;
6) сатуу салыгы.
Жергиликтүү салыктарга төмөнкүлөр кирет:
1) жер салыгы;
2) мүлк салыгы;
Атайын салык режимдерине төмөнкүлөр кирет:
1) милдеттүү патенттин негизиндеги салык;
2) ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык;
3) бирдиктүү салыктын негизиндеги салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы;
4) салык контрактынын негизиндеги салыктар;
5) эркин экономикалык аймактардагы салык режими;
6) Жогорку технологиялар паркындагы салык режими;
7) чекене соодадан алынуучу салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы (2021-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет).
7. Кирешенин канча бөлүгү салык катары төлөнүш керек? Эгер салык төлөөчү үчүн төлөнүүчү сумма оор келип жатса азайта алабы?
Эгер салык төлөөчү үчүн төлөнүүчү сумма оор келип жатса азайта алабы? — Жок, салык кызматы азайтууга укугу жок. Киреше салыгы жалпы мамлекеттик салык түрүнө кирет. Киреше салыгын төлөөчүлөр болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1)Кыргызстандын жараны болуп эсептелген, киреше алган жеке
адам;
2)Кыргызстандын жараны болуп саналбаган,бирок өлкө ичинде жашап турууга укугу бар, киреше алган жеке жак-резидент;
3)Кыргызстандагы булактан кирише алган, бирок жараны болуп эсептелбеген жеке жак — резидент эмес;
4)Кыргызстандагы булактан жеке жакка киреше төлөгөн салык агенти.
Мында, жеке ишкер болуп эсептелбеген жеке жакка киреше төлөгөн уюм же жеке ишкер “салык агенти” болуп саналат.
Киреше салыгынын ставкасы 10 пайыз өлчөмүндө белгиленет.
Киреше салыгы салык төлөөчүнүн салыктык жана/же катталган жери боюнча төлөнөт.
Киреше салыгы боюнча салыктык база болуп, жалпы жылдык киреше менен өлкөнүн Салык кодексинде каралган (стандарттык, мүлктүк жана социалдык) эсептен чыгаруулардын ортосундагы айырма катары эсептелген киреше саналат.
Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси менен жөнгө салынуучу мамилелер пайда болгондо, салык салына турган бир айдагы киреше Өкмөт тарабынан белгиленген минималдуу кирешенин эсептик көрсөткүчүнөн кем болбошу керек.
8. Кайсы учурда салык төлөөчүлөргө жеңилдиктер каралат?
1) кайрымдуулук уюмдардын;
2) I жана II топтогу майыптардын коомдорунун, Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун, жеке ишкерлердин уюмдарынын, алардагы иштегендердин жалпы санынын 50 пайызынан кем эмесин майыптар, азиздер жана дүлөйлөр түзгөн жана алардын эмгек акылары жалпы эмгек акы фондунун 50 пайызынан кем эмесин түзгөндө. Ушул коомдордун, уюмдардын жана жеке ишкерлердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат;
3) айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөрдүн;
4) Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын мекемелеринин;
5) айыл чарба кооперативдеринин;
6) кредиттик союздар;
7) мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын (жеке менчик формасынын негизинде түзүлгөн балдар бакчаларынын);
8) кардиохирургиялык багыттагы жеке менчик медициналык мекемелердин;
9) жеке менчик формасынын негизинде түзүлгөн жалпы билим берүү уюмдары;
10) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын;
11) машина-трактордук станциянын;
11-1) энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануунун негизинде энергетикалык орнотмолордун мүлк объектилерин эксплуатацияга киргизген учурдан тартып 5 жыл ичинде энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануунун натыйжасында алынган электр жана жылуулук энергиясын, газды жана газ түрүндөгү абалында кайра жаралуучу отундун, суюк биологиялык отундун жаңы өндүрүүчүлөрүнүн;
12) айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борбордун ишинен түшкөн пайдалары салык салуудан бошотулат.
