Пандемиянын таасиринен улам ишкерлердин иши солгундап турган маалы. Үй-бүлөлүк бюджеттен тарта мамлекеттин экономикасына чоң кедергисин тийгизип турган абалда ишкерлер кандай кадамга барышы керек?
Сегиз жылдан бери чакан бизнес менен алектенген Абай Бактияровдун ишкерлиги пандемиядан улам токтоп турган убагы. Ал той мааракелерде фото, видео жана музыкалык кызмат көрсөткөн студиянын негиздөөчүлөрүнүн бири.
“Пандемия башталганы, иш токтоп, жашоо оорлоду. Мендеги маалыматтарга ылайык, биз сыяктуу иш алып барган адамдар дээрлик 35 миңге жетет экен. Алар тойканалардагы кароолчулардан тарта, официант, музыкант, оператор, тамада, администратор өңдүү бир катар жумушту аркалаган адамдар. Эми азыр абал жакшырып кетсе экен деген тилек менен отурабыз. Басымдуу бөлүгүнүн насыялары бар. Көпчүлүгү батирде жашашат. Азыр батирдин акчасын төлөй албай, карыздап калган ишкерлер көбөйдү. Мен болсо, жашоонун аракетин көрүп, азыр машинам менен такси кызматын көрсөтүп жүргөн убагым”, — дейт Абай Бактияров kyrgyzmedia.kg берген маегинде.
Пандемиядагы пайда болгон кырдаалдан улам Абай буга чейин ийгиликтүү иштетип келе жаткан бизнесин кандай алып кете алаарын билбей турган маалы. Ал, абал жакшырып кетсе деген ниетте гана турганын кошумчалады.
“Азыр биз кызмат көрсөтүүнүн башка жолун табалы деген менен той өткөрүүгө уруксат жок. Ал эми той тойканаларда өтпөй, үйдө өтө турган болсо, фото, видео тарттырууга элдин да кызыгуусу жок болот экен. Мисалы, “love story” өңдүү жаштардын видеосун үйдө көрсөтүүгө чоң экрандар жок дегендей. Баары бир үйдөгү той менен тойканада өткөн тойдун биздин бизнеске чоң таасири бар болот экен. Биздин студияда өзүбүздөн тышкары 8 кызматкерди иш орду менен камсыз кылчубуз. Бирок, бизнесибиз токтоп турганына байланыштуу, мен такси кызматына өтсөм, бизде иштеген балдар тигүүчүлүк, талаачылык иштерде убактылуу иштеп жатат.”
Дүйнө жүзү пандемиянын ишкерликке, экономикага тийгизген таасири ыкчам болуп жатканын байма-бай айтылып келет. Ал эми Кыргызстанда:
“Экономика азыр токтоп баратат. Өзүңүздөр билгендей мындай тенденция дүйнө жүзүндө болуп жатат. Биздин экономикабыз Орусия менен Казакстанга абдан тыгыз байланып калган. Менин жеке пикирим ишкерлер азыр чоң өнүгүү программаларын токтотуп турушу керек. Аны ишкерлер деле өздөрү түшүнүп баштаса керек. Экинчиден, анчалык муктаждык болбосо насыя алып кереги жок. Эгер насыя ала турган болсо дагы, мурдагы насыясы болсо терең ойлонушу керек. Анткени, насыянын үстүнө насыя алган абдан туура эмес кадамдардын бири. Эгер буга чейин доллар менен насыя алып алган болсо, аны сомго ылайыктуу курс менен котортуп башташ керек. Албетте, банктар мындай кадамга барганга макул эмес”, -дейт экономика тармагындагы эксперт Умбриэль Темиралиев.
Эксперт Умбриэль Темиралиевдин талдоосуна ылайык тамак-аш тармагынан тышкары көпчүлүк бизнесте кыйынчылык болушу ыктымал:
Ишкер: Ат-Башынын сыры десек, эл күлчү
Гүл бизнеси – кубаныч тартуулайт
Чүкөнү бизнеске айланткан жаш ишкер
Касиет Кубанычбек кызы