Алтынбек Бегалиев бир канча жылдан бери кыргызстандык жаштарга чет өлкөдө билим алууга көмөктөшүп келет. Ал жетектеген «Келечектин Лидерлери Мектеби» долбоорунун алкагында жыл сайын ондогон мектеп бүтүрүүчүлөрү дүйнөдөгү алдыңкы универистеттерге гранттык негизде өтүп келет.
— Алтынбек агай айтсаңыз, бүгүнкү күндө ар бир абитуриенттин чет өлкөлүк ЖОЖдордо билим алуусуна мүмкүнчүлүк барбы?
— Менимче ар бир мектеп окуучусу чет өлкөлүк университеттерге тапшыруу кыялданат болуш керек. Өзүмдүн тажрыйбамдан улам, бул кыялды ишке ашыруу мүмкүн экендигин айткым келет. Бирок, чет өлкөлүк алдыңкы окуу жайга тапшыруу, жада калса андан грант алуу үчүн – узак убакытты камтыган тынымсыз даярдык керек. Бул чындыгында чоң эмгек. Теориялык жактан алганда, ар бир адам университетке тапшыра алат. Бирок баардыгында эле керектүү маалыматтарды табуу, изденүү, туура стратегияны иштеп чыгуу жана аны аткаруу оңой боло бербейт. Чет өлкөдө билим алууну каалагандарга мен 8-9-класстардан баштап даярданууну кеңеш кылам. Англис тилинде билим алуу көп өлкөлөрдө контрактык негизде болот. Ал эми грант алуу үчүн эң жакшы документтерди көрсөтүү керек. Эки жыл мурун биз чет өлкөдөгү алдыңкы ЖОЖдого даярданууга, тапшырууга жана грант алууга көмөктөшкөн “Келечектин Лидерлери Мектеби” долбоорун ишке киргиздик.
— Кайсы өлкөлөрдө жана ЖОЖдордо сиздердин студенттер билим алат? Сиз бул тармакта иш алып барууну качан баштагансыз?
— Биздин студенттер 30дан ашык мамлекеттен тандоо мүмкүнчүлүгүнө ээ. Биз 2008-жылдан бери иштеп келе жатабыз жана ушул убакыт аралыгында Европа, Азия, Американын көптөгөн университеттери менен кызматташтык. Биздин студенттерибиздин көпчүлүгү АКШ, Канада, Англия өңдүү англис тилдүү мамлекеттерди тандашат. Ошондой эле Түштүк Корея, Кытай жана Чыгыш жана Батыш Европа өлкөлөрү студенттер арасында өзгөчө популярдуулукка ээ.
— Өзүңүз жөнүндө айтсаңыз. Сиз дагы чет өлкөдө билим алсаңыз керек?
— Тилекке каршы, жок. 1997-жылы мен орто мектепти бүтүргөндө, менин үй-бүлөмдүн мени чет жакта окутууга финансылык мүмкүнчүлүгү болгон жок. Ошондуктан мен өзүмдүн кардарларым аркылуу өзүм ишке ашыра албаган кыялымды орундатып жатам. Мен ушул багытта иштеп, 30дан ашуун өлкөгө жана ондогон университеттерге бардым. 12 жыл иштегенден кийин, мен чет өлкөдө билим берүү тармагында көп тажрыйба топтодум.
— Эмне үчүн кыргызстандыктар чет өлкөдө билим алышы керек?
— Чет өлкөдө окуу — бул дүйнө жараны болуунун эң сонун мүмкүнчүлүгү. Бул жаңы горизонтторду ачат. Тилекке каршы жергиликтүү университеттердин дипломуна ээ болгондордун басымдуу бөлүгү алардай мүмкүнчүлүккө ээ эмес. Мындан тышкары, бул дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүндө жашоо мүмкүнчүлүгүнө, карьералык бийик өсүүгө, маданий тажрыйбаны байытууга, эл аралык байланыш тажрыйбасына тез жетүүнүн эң оңой жолу. Бул өзүңүздү ушул жашоодо ийгиликтүү издөө мүмкүнчүлүгүн жакшыртат.
— Негизинен чет өлкөдө билим алуу үчүн англис тили, математика ж.б. предметтерди жогорку деңгээлде билүү керек эмеспи. Бирок, кээ бир каалоочулар аз гана убакыт калганда аракеттенип башташат. өнүккөн өлкөлөрдө билим алуу үчүн эң кеч канча убакыт калганда даярданса болот?
— Баары сиз кайсы өлкөлөргө окууга тапшырууну пландаганыңыздан көз-каранды. Англис тилин билүү — эң минималдуу жана ошол эле учурда ЖОЖго кабыл алуунун эң маанилүү критерийлеринин бири. Ошондуктан, аны татыктуу академиялык деңгээлде билүү зарыл. Грант алууга жардам берген 5 негизги факторду белгилей кетсем:
1. 9-10 жана 11-класстардагы жакшы баалар;
2. TOEFL же IELTS сынагы менен тастыкталган англис тилинин жогорку деңгээли, 120дан 100 упай топтоо;
3. SAT экзаменинин жакшы натыйжалары. Максималдуу 1600 упайдан 1400-1450 упай топтоо;
4. Мыкты мотивациялык кат;
5. Олимпиадалар, хоббилер, ыктыярчылык, уюштуруучулук жана лидерлик жөндөмдөрү. Булар негизги факторлор. Мектебибизде биз балдарды ушул багыттар боюнча даярдайбыз.
— Көпчүлүк студенттерге жана абитуриенттерге виза алуу кыйынга турат. Эмнеге?
— Тилекке каршы, биздин өлкө мыйзамсыз миграциядан, студенттердин ар кандай программаларды бүткөндөн кийин мекенине кайтпай ошол жере калып калуусунан жана саясий факторлорго байланыштуу виза тарыхын бир топ бузуп алды. Биз, жарандарыбызды ар дайым кучак жайып тосуп алган мамлекеттердин катарына кирбейбиз жана муну баарыбыз жакшы билебиз. Буга байланыштуу, виза алууну каалагандардын бардыгы виза берилбей калуу коркунучу бар экендигин да билет. Бирок, жакшы университеттен чакыруу алуу жана ага тиешелүү документтердин бардыгы тийиштүү формада болсо, кыргызстандык талапкерлердин виза алуусуна мүмкүнчүлүк бар. Эгер бардыгы тартипте болуп, сиз татыктуу университетке тапшырсаңыз, анда виза алуу мүмкүнчүлүгү көбүрөөк болот.
— Кыргызстандыктар чет өлкөдө магистрдик же доктордук даражасында билимин улантууда бир катар көйгөйлөргө туш болуп келет. Кыргызстанда билим берүү чет элдик стандарттарга жооп бербейби?
— Биздин өлкөдө окуу программасы жана билим берүү стандарты башкача. Окутуу методикасы, баалоо, дисциплиналар, окутууга болгон мамиле ар кайсы өлкөлөрдө ар башкача. Ошондуктан кээде студенттер ушундай көйгөйлөргө туш болушат.
— Чет өлкөдө билим алсам деген биздин жаш муундарга көмөктөшүп жатып өзүңүз кандай кыйынчылыктарга туш келесиз?
— Биздин мектеп окуучулары менен мен абдан сыймыктанам. Алар кыялындагы университетке өтүү үчүн, ошол жерде билим алуу үчүн абдан дилгир. Ошондуктан, мектеп окуучулары менен иштөө өзгөчө эргүү берет. Бирок тилекке каршы, биздин өлкөдө мугалимдер менен насаатчылардын арасында сапаттуу кадрлардын жетишсиздиги бар. Мындан улам, биз чет элдик адистерге кайрылабыз. Биз Казакстан, Орусия жана АКШнын адистери менен иш алып барабыз.
— Менин билишимче, сиз чет элдик бир топ университеттер менен кызматташасыз. Алар биздин студенттерге кандай баа беришет?
— Биздин бүтүрүүчүлөрүбүздүн алган эң жакшы баалары – гранттар. Анткени, университеттер гранттарды эң мыкты студенттерге гана беришет. Биз бүтүрүүчүлөрүбүздүн баары грант алгандыгына кубанычтабыз. Көптөгөн жигиттер бир эле учурда 5-6 университеттин гранттарын алышты. Бул биздин ишибиздин жакшы жыйынтыгы. Жыл сайын биз ондогон студенттерди чет өлкөлүк ЖОЖдордо билм алууга жөнөтөбүз.
— Пандемия сиздин ишиңизге кандай таасир этти?
— Дүйнөдөгү жагымсыз кырдаал күч алып, биздин өлкөбүзгө жете электе эле, бардык жумушту онлайн режиминде өткөрүү менен бир катар жигердүү чараларды көрдүк. Буга чейин биз Кыргызстандын аймактарындагы студенттер менен онлайн иш-чараларды өткөрүп келгенбиз. Ошондой эле мугалимдерибиз көпчүлүгү чет өлкөлөрдөн иш алып барат. Андыктан, бизге онлайн системасына өтүү кыйынга турган жок.
Алмаз Арапов: Дүйнөлүк билим стандарттарына төп келген студенттерди даярдоо максатыбыз
Чет өлкөлүк жети университетке окууга өткөн Адель
Карточка: Эмне үчүн IT тармагында билим алуу керек?
Абитуриент студенттик күндөргө даярсызбы?
Касиет Кубанычбек кызы