Бүгүнкү күндө чакан же ири бизнес ачууга далалаттанган адамдардын саны артып барат. Ошол эле учурда карьера аркылуу финансылык көз-карансызддыка умтулгандар да аз эмес. Бирок, сиз каалаган жерде иштеп, эс алуу үчүн үчүнчү булактын бар экенин эсиңизге салгыбыз келет. Ал инвестициялоо.
«Инвестиция» термини кошумча киреше алып келүүчү булакка салынган акча каржатын түшүндүрөт. Андай кошумча киреше келип туруусу үчүн сиз убакыт жана күч коротуп иштешиңиз керек эмес.
Тактап айтканда, акча убакыт өткөн сайын инфиляцияга кабылышы ыктымал. Ал эми инвестициядагы акчага инфляция таасир этпейт.
Анда бул кандай иштейт?
Мисалы, сизде 1000 сом болсо жана өлкөдө инфляция 10 пайызды түзсө, анда 10 айда ал 1000 сом эмес, 900 сом болуп калат.Ошондуктан, ашыкча акчаны үйдө сактабай иштетүү маанилүү. Муну инвестиция салуу менен ишке ашырсаңыз болот.
Инвестиция менен акчаны кадимки үй шартында чогултуунун ортосундагы негизги айырмачылык пайыздык кирешени алуу. Эгер сиз жөн гана акчаны чогултуп жатсаңыз, анда сиз инвестор эмес, “акча чогулткучтун” ролундасыз. Акча чогулткан адам – жеке кирешесинин кайсы бир бөлүгүн сактайт. Ал эми инвестор — өз капиталын көбөйтүү үчүн топтолгон каражатты инвестиция кыла билген адам.
Сиз инвестор болбостон, акчаны чогулткан адам болсоңуз да болот. Ал дагы жаман жыйынтык бербейт. Жок дегенде, каражатыбыздын чегинде жашоону өздөштүрүп, жамандык – жакшылыкка каражат чогултууга болот. Кийинки кадам — топтолгон каражаттарды көбөйтүү калат.
Акча кармаганды, аны чогултканды билбей туруп, инвестор болуу иш жүзүндө мүмкүн эмес. Канча акча каражат тапсаңыз да, каржылык агымыңызды кантип башкарууну билбесеңиз, чыгымдарыңыз ар дайым кирешеге алып келет жана кээде андан да ашып кетет. Азыр көпчүлүк адамдар насыя менен жашап жаткандыгы же карыздын түбүндө экендиги таң калыштуу эмес. Буга себеп топтоо көндүмдөрүнүн жоктугу жана өз каражаттарынын чегинде жашагысы келбегендиги.
Инвестициялар сиздин капиталды көбөйтүүгө, чогултулуп жаткан каражатты инфляциядан коргоого жана убакытты талап кылбай турган кирешелерди алууга мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, алар күтүлбөгөн жагдайларга «коопсуздук жаздыкчасы» боло алышат.
Сиз кара күч жумшап же убактыңызды коротуп эмгектенбесеңиз дагы, акча агымынын өзүнөн өзү түшүп турганы кандай кубанычтуу. Бирок, инвестициялардын бардык түрлөрү белгилүү бир тобокелдикке дуушар болоорун эсиңизден чыгарбаңыз. Эч кандай тобокелдиксиз инвестициялар жок. Тобокелдик канчалык жогору болсо, өзүңүздүн аманатыңызды инвестициялоодон кирешелүүлүк ошончолук жогору болот. Демек, сиз, инвестор катары, биринчи кезекте тобокелдиктин деңгээлин баалооңуз жана сизге ылайык келген кирешелүүлүктү аныкташыңыз керек.
Андан кийин, сиз инвестициялай турган инструменттерди тандап алышыңыз керек. Эгерде сизде ашыкча акча бар болсо, бирок инвестицияны кайдан баштоону билбесеңиз, анда каржы тармагындагы кеңеш берүүчү адистер менен байланышыңыз. Ал жеке каржылык планды кантип түзүүнү түшүндүрөт. Инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жөнүндө толук маалымат берет жана инвестициянын бир канча түрүнөн сизге туура келгенин тандоого жардам берет.
Эгер сиз инвестициялоону жаңыдан гана баштап жатсаңыз, алгач терең анализ кылууну сунуштайбыз. Капиталды жоготуп албоо үчүн сиз инвестиция кылууга даяр болгон акча каражаттын бардыгын бир эле нерсеге эмес, сизге ыңгайлуу болгон жок дегенде үч башка багытка салганыңыз кепилдүү болот. Тактап айтканда, инвестицияларды бөлүштүрүү (диверсификациялоо) аркылуу тобокелдиктерди азайтыңыз. Мисалы, каражаттын бир бөлүгүн кепилденген киреше менен камсыз кыла турган инструменттерге — мамлекеттик баалуу кагаздар, облигациялар же банктык аманаттарга салсаңыз болот.
Инвестиция чындап эле сиздин эмгектенбөөңүзгө мүмкүндүк берет. Бирок, эсиңизде болсун — биринчи каражатыңызды салган соң, дароо эле жумушту таштоого болбойт.
Качан гана сиз бул процессте сүңгүп, инвестицияларды туура башкарууну үйрөнсөңүз, анда сиздин инвестицияларыңыз азыркы тапканга караганда көбүрөөк киреше алып келе турган күн келет. Ошондо гана сиз сүйбөгөн, бирок жакшы маянасы бар жумуштан баш тартып, өзүңүзгө жаккан нерсени таап, инвестициядан акча таба аласыз.
Жеке каржы планды кантип түзүү керек?
Депозит үчүн банктарды жана пайыздарды кантип тандоо керек?
Капчыгыңыздагы акчаны канчалык туура колдоносуз?Тесттен өтүңүз.
Касиет Кубанычбек кызы