2020-жылдын окуу жылынан тарта кесиптик лицейлерде IT адистиги окутулуп баштайт. Мындай окутуу Кыргызстандын беш облусундагы кесиптик лицейлерде орун алган. Кыргызстандын программисттер ассоциациясы бизге окутуунун кандай болоорун жана кимдер окуй ала тургандыгын айтып берди.
Кыргызстандын программисттер ассоциациясы кесиптик лицейлерде IT ни окутуу долбоорун баштады. Ассоциациянын аткаруучу директору Ширин Муканбетованын бизге берген маалыматына ылайык, учурда Кыргызстандын беш облусундагы кесиптик лицейлерде IT адистиги окутулат.
“Каракол, Нарын, Токмок, Кызыл – Кыя, Талас жана Бишкектеги лицейлерде ушул долбоорду баштап жатабыз. IT тармагындагы окутуубуз 9-11 класстын бүтүрүүчүлөрүнө багытталган. 11-класстын бүтүрүүчүлөрү 1 жыл ичинде бул кесипке ээ болсо, 9-класстын бүтүрүп, кесиптик лицейде IT боюнча билим алам деген жаштар 3 жыл окушу керек. 9-классты бүтүп тапшыргандарга кошумча предметтерда окутулат. Ошондуктан, алардын мөөнөтү 3 жылга созулуп кетти. Негизи биз бул окууларды 2 жылдык кылалы деген оюбуз бар болчу. Анткени, бул тармак күндөн күнгө өсүп, өзгөрүп турат. Ошол эки жылдын ичинде программист деген дипломго ээ болсо дегенбиз. Бирок, билим берүү стандарттарына бул планыбыз туура келбей калат экен.”
Кыргызстанда IT тармагы дүйнө жүзүнүн бир катар өлкөлөрү менен бирге жанданып, бул кесиптин адистерине суроо талап жогору болуп келет. Акыркы эки жыл ичинде заманбап кесиптин ээси болууга кызыккан улан-кыздардын саны күн санап өсүп келет. Бирок, Кыргызстандын аймактарына IT боюнча алдыңкы билимге ээ окутуучулар жетишсиз.
“Биз өткөн жылы Сорос фонду менен биргеликте мектептердеги информатик мугалимдердин билим деңгээлин жогорулаттык. Аларга JavaScript жана Phyton программалоо тилдердин үйрөттүк. Анткени, эң негизги көйгөй өлкөдө ITни окуткан тренерлер, мугалимдер жетишсиз. Региондордон биз программисттерди таба албайбыз. Андыктан, биз жергиликтүү мугалимдерди окутуудан баштаганбыз. Былтыр, 27 мугалимди жарым жыл окуттук. Ошол мугалимдер эми жакшы айлык акы менен кесиптик лицейлерде IT ни окутат.”
Ар кайсы өлкөлөрдө программист болуп эмгектенип жүргөн кыргызстандыктар арбын. Алардын бири программисттер сөзсүз жогорку билим алышы керек десе, экинчиси бул тармак мүнөт сайын өзгөрүп жатат. Андыктан 4 жыл университетте окуп убакыт кооротуунун зарылчылыгы жок деп келет.
Ширин Муканбетова ушул себептен аймактарда IT ни окутуу долбоору университетте эмес, кесиптик лицейлерде ачылды дейт.
“Биринчиден, IT — бул бат-баттан өзгөрүлүп турган тармак. Ошондуктан, аны 4-5 жыл университте окуунун зарылчылыгы жок. Экинчиден, университте теория көп болуп, практика жүзүндө иштөөдө кыйналып калышат. Ал эми кесиптик лицейлер башынан бери кайсы тармак болбосун машыктыруучу, практикалык иштерге басым жасашат. Мисалы, тигүүчүлүк же ашпозчулук боюнча билим алгандарга дагы практика жүзүндө жасатып окутуп жатпайбы. ITге дагы практика абдан маанилүү. Ошондуктан, кесиптик лицейлердин системасы абдан дал келип жатат. Үчүнчүдөн, Кыргызстан боюнча жүздөн ашык кесиптик лицейлер бар. Алардын чоң-чоң имараты, жатканалары бар. Бирок, сапаты төмөн болуп келе жатат. Мындан улам, колледж, лицейлердин сапатын көтөрүү үчүн дагы ушундай кадамга барып жатабыз.”
IT тармагында билим алууга бүгүнкү күндө бир гана мектеп бүтүрүүчүлөрү эмес, дээрлик 60 жашка чейинки адамдардын кызгуусу артып турган маалы. Анын жогорку маянасы, айылда же шаарда туруп чет өлкөлүк жана жергиликтүү компаниялар менен иштешүүгө мүмкүнчүлүк, — бул багытта билим алууга кызыктырган негизги себептердин бири болууда.
“Биз 50 миң программист деген дагы бир долбоор баштадык. Бул пандемиядан улам, жумушсуз калгандарга жардам көрсөтүп, жаңы кесиптин ээси болууга жардам көрсөтүп жатабыз. Азыр жаш курагына карбай программист болом деген адамдар келип окуса болот. Биз миңге чукул адамды окуталы деп пландап жатабыз. Албетте, азыр сабактар онлайн болот. Арасында компьютердик сабаттуулуктан тарта программалоо тилдерине чейин окутабыз. Керек болсо, компьютерди колдонгонду билбейм деген адамдар аны колдонгонду үйрөнүп, андан кийин программалоо тилдерин үйрөнсө болот. Бул долбоор бир жылга пландалган.”
Ширин Муканбетова аталган долбоордун алкагында IT тармагын өздөштүрүп жаткан адамдарга психологиялык тренингдер да болоорун баса белгиледи. Анын айтымында программалоо тилдерин үйрөнүп жаткандар арасында мотивацияга муктаждык көбүрөөк жаралат.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын программисттер ассоциациясы Кыргызстанда IT тармагын өнүктүрүү максаты менен 2008-жылы ачылган. Ал эми, Ширин Муканбетова 2016-жылдан бери аталган ассоциациянын аткаруучу директору болуп келет.
Карточка: Эмне үчүн IT тармагында билим алуу керек?
Айдана Өмүрбаева: Кыргызстандын булуң-бурчундагы кыз-келиндерди IT тармагын өздөштүрүүгө чакырам
Азамат Токтакунов: Көп IT адистери Кыргызстандан кетип жатат
Касиет Кубанычбек кызы