Кенжебек Качкынбев Ат-Башы районунун тургуну. Ал көп жылдан бери мал чарбачылыгы менен алектенип, асыл тукум мал чарбасын жетектеп келет. Ал, бир жарым тоннага чейин эт берген абердин-ангус, күнүнө 20-22 литр сүт берген голштин тукумундагы уйларды көбөйтүү, жергиликтүү уйлар менен аргындаштырууну практика жүзүндө ишке ашырууда.

К. Качкынбаев: Уй баласы — кирешелүү булак…
— Кенжебек мырза, алгач өзүңүздү тааныштырып кетсеңиз.
— Үй-бүлөлүмүн. Эки кыз, бир уулум бар. Өзүм көп жылдан бери мал чарбасы менен алектенип келем. Кесибим — ветеринардык врач. Келинчегимдин дагы кесиби ветеринар. Нарын шаарындагы теникалык окуу жайда билим алган. Ат-Башы району мал киндиктүү жер болгондуктан, өзүм да мал багууга кызыгам. Мал ичинен дагы уй баласын багууга көп жылдан бери басым жасап келем. Ат-Башы жергесинде биринчилерден болуп сүт багытындагы голштин тукумундагы уйларды багып келгенбиз. Ал уйларыбызга 4-5 жылдын жүзү болду. Анан Ат-Башы жергеси кышы 6-7 айга созулуп катаал, узак жана суук болгондуктан, суукка чыдамдуу жана көбүрөөк мезгил жайытта жүрө турган уйларды издей баштадык. Породаларды карап, анализ кылып отуруп, абердин — ангуска токтолдук.
— Сиз багып жаткан абердин-ангустар кайсы өлкөдөн алынып келинген?
— Абердин — ангус породасын Кыргызстанга Казакстан, Орусиядан алып келгендерин көрүп отуруп, Ысык-Көлдө жайгашкан Рейна Кенч ишканасынан Американын Монтана штатынан 3-4 жыл мурун алынып келинген абердин — ангустар менен тааныштык. Анан ушул жылдын кыш мезгилинде отуз үч баш абердин — ангус тукумундагы уйларды алганбыз. Анан кудайга шүгүр, жаз мезгилинде аларды жыйырма бештен ашыгы төлдөдү. Төлү биз ойлогондой жакшы болду. Дагы бир жакшы жери, кышкы суукта салмагын тыштаган жок.

Абердин-ангус бир жарым тоннага чейин салмак алат
— Абердин — ангусту жергиликтүү уйлар менен аргындаштырса кандай болот?
— Буга чейин биз абердин — ангус тукумундагы торпоктоду багып жүрчүбүз. Алардан букаларды алып, жергиликтүү уйлар менен аргындаштырып, жогорку сапаттагы торпокторду алдык. Бул биздин климатка ылайык келди. Абердин — ангус биздин жергиликтүү уйларга салыштырмалуу негизги өзгөчөлүгү анын көп салмак кошуусу. Таза 3-4 жашка чейинки абердин — ангустун букалары бир тоннадан бир жарым тоннага чейин салмак басат. Жакшы бордоп баккандан кийин уйлары тоннага чейин жетет. Негизи, бул тукумдагы уйдун пайдасы көп экен. Эт кылып сата турган болсок, мисалы бир тонна тирүү салмак алсак, анын 30-40 % чыгарып салсак, 500-600 кг чейин таза эт берет. Аны биз азыркы базар баасында эле сата турган болсок, ал жакшы акча болот.

Бул абердин — ангустар Кыргызстанга Американын Монтана штатынан алынып келинген
— Абердин – ангус биздин климатка көнүшүп жатабы?
— Бул абердин — ангустун бага турган шарттарында биздин климатка, жайлоого, жаратылышыбызга көнүп кете турган болсо, бул топоз сыяктуу жапайы болуп, көп башта баксак болот. Анткени, мунун өзүнүн тукуму мүйүзү жок болот. Алар бири-бири менен сүзүшпөй,бири-бирин жаракат алдырбайт. Берки уйлардан айырмасы – ошол токолдугу, өңүн эч качан өзгөртпөйт жана кара бойдон калат. Жергиликтүү уйлар менен аргындаштырсак дагы, торпоктордун дээрлик 70% абердин — ангусту тартат. Гени күчтүү. Букалары дагы үч жашында эле сойгонго да, сатыкка да жарап калат. Негизинен пайдалуу жагы абдан көп. Азыр негизги максатыбыз – бул уйларды биздин климатка, жер шартыбызга көндүрүү. Анан акырындык менен адаптация кылып көбөйтүү.
— Киреше, чыгашасы кандай болот экен? Өзүңүз байкап, эсептеп жатсаңыз керек…
— Буга чейин жергиликтүү уй баласын багып жүрөбүз. Негизи уй баласынын пайдалуу жагы аябай көп. Азыркы кезде сүттү уйларды дагы бага турган болсок, бир уй минималдуу түрдө 15-20 литр сүт бере турган болсо, аларды 20 сомдон сата турган болсок, күнүнө бир уй эле 400-500 сом киреше алып келет. Ошондуктан, уй баласы кирешелүү булак болуп саналат. Анын ичинен азыркы биз багып жаткан абердин — ангус пордасы дагы көп массадагы эт берүүсү менен айырмаланат. Ошол эт дагы биринчи сортто туруп, кымбатыраак бааланат. Албетте, чыгашасы жок, киреше болбойт дегендей, абердин — ангус багууда дагы жаратылышка абдан көз-карандыбыз. Быйылкы жылы жаан-чачындын көп болуусу, бизди бир аз кыйынчылыкка, чыгашага алып келип жатат. Бирок, ошого карабастан, мал багууда бардык шартын камдап, жайытын, тоютун даярдап, малга ылайыкташтырып багып жатабыз.

Кенжебек Качкынбаев Ат-Башыда алгачкылардан болуп голштин жана абердин — ангус асыл тукум уйларын багып келет
— Алдыга кандай максатыңыз бар?
— Алдыда абердин — ангус пордасын Ат-Башы районуна жайылтууну максат кылып жатабыз. Айылыбыздагы бадаларга букаларбызды берип, жергиликтүү уйлар менен аргындаштырууну, уйдун асылдуулугун өндүрүүнү, эт, сүт өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу деген максаттарды коюп иш алып барып жатабыз. Букалардын кандарын текшерип, ден-соолуктарын карап, жергиликтүү уйларга кошуп, элге ошону менен пайда болсо деген ниеттебиз. Азыр жеке эле абердин — ангус породасы менен токтоп калбастан, сүттү көп бере турган, суукка чыдамдуу боло турган уйларды алып келүү үстүндө да иштеп жатабыз. Кандай порода биздин Ат-Башыга ылайыктуу деген суроо үстүндө иштедик. Ошентип жүрүп, голштин тукумун алып келгенбиз. Эки жылдан бери ал дагы жакшы жыйынтык берип, сүтү Ат-Башыда 20-22 литрге чейин берип жатат.
-Көп баштуу малды жалгыз эле карабасаңыз керек… Кошумча жумушчуларды алып иштейсизби?
— Бир уй баксаң дагы, беш уй баксаң дагы түйшүгү бар дегендей, бул малдар асыл тукум болгондуктан, аларды аябай көзөмөлдөп кароого туура келет. Азыр биздин чарба “Быкы Ата” асыл тукум чарбасы болуп ачылганбыз. Биздин чарбада үч үй-бүлө иш алып барабыз. Эки үй-бүлө бир гана уй менен алектенсе, үчүнчү үй-бүлө техника тармагында иш алып барат. Жалпысынан чарбада алты адам эмгектенип, ар бири өзүнө тийиштүү айлыктарды алат. Мен болсо, ошол чарбанын жетекчисимин. Өзүбүздүн чарбабыздын ветеринардык врачы, техниги, малчысы, жер адиси бар. Жайкысын жайлоого чыгарып, күздөн баштап сарайда багабыз. Абердин — ангусту Ат-Башы районуна жайылтууну максат кылып багып келебиз. Быйылкы туулган музоолордон Ат-Башы районунун тургунуна саттык. Биз өзүбуздүн колубузда алты ай болгончо багып беребиз, андан кийин ээлерине тапшырабыз.

К. Качкынбаев: Келинчегим экөөбүз тең ветеринарбыз
Ишкер: Ат-Башынын сыры десек, эл күлчү
Бодо малды сарык ылаңынан сактоо чаралары
Эксперттен кеңеш: Уйга чөп болсо эле, ал сүт бере бербейт …
Касиет Кубанычбек кызы