Каныкей Батырова – ийгиликтүү ишкер айымдардын бири. Ал 20 жашында Орусияда өз бизнесин ачып, 21 жашында алгачкы миллионун тапкан. Бүгүнкү күнгө чейин 17 бизнестин түрү менен алектенген айым бизге берген маегинде карьера жана үй-бүлө тууралуу кеп курду.
— Каныкей саламатсызбы? Алгач өзүңүздү тааныштырып кетсеңиз…
— Мен өзүм Баткен облусунун Лейлек районунда төрөлүп өскөм. №3 гимназияда билим алдым. Гапыр Мадаминов – бул кишинин аты бүгүнкү күндө республикага белгилүү. Бул гимназияда окуучуларды ар тараптуу өнүктүрөт. Бир гана билимге эмес, алардын чыгармачылык жөндөмүнө, талантына, кызыгуусуна да басым жасалат. Менин бизнеске болгон алгачкы кадамдарым ушул гимназиядан башталды. Бизнес боюнча эч бир мектепте, гимназияда же университетте окутпайт. Бирок, биздин гимназияда бүтүп кеткен окуучулардын лекциялары болчу. Менин бизнеске кызыгуум ошол учурда башталган. Алгач, бизнеске тийиштүү китептерди окуп жүрдүм. Андан кийин Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетке тапшырып, бир жыл окуган соң, Орусияга кетип калдым. Москвага барганымдын себеби, бир аз акча топтоп өзүмдүн бизнесимди ачуу кыялым болгон.
— Ошол учурда сиз канча жашта элеңиз? Жаш туруп бизнеске кызыкканыңызга эмне түрткү болгон?
— Анда мен 19 жашта болчумун. Мен окууга анча кызыкчу эмесмин. Кээ бир окуучуларда билимге кызыгуу абдан күчтүү болот эмеспи. Алар ботаник болуп, чоңойгондо мындай болом, мындай жерде иштейм деп максат кылышат. Мен болсо, бала кезимден эле ишкердикке кызыгып, ошого тийиштүү телевизордогу көрсөтүүлөрдү көрчүмүн, китептерди окучумун. Ошол бала кезимде эле, өзүм жеке ишкер болсом, жолдошум мамлекеттик кызматта эмгектенген адам болсо деген кыялдар менен жүрчүмүн. Анткени, бизнес дүйнөсү ар түрдүү, кээде ылдый, кээде өйдө болуп турат эмеспи. Ошондуктан, жолдошумдун иши стабилдүү, авторитеттүү болсо дечүмүн. Ошол бала кезимдеги кыялдарымдын баары орундалды.
— Жолдошуңуз менен кандайча таанышкансыз?
— Биз интернет аркылуу таанышканбыз. Ал учурда “одноклассники” колдончу элек. Алты жыл кыз-жигит болуп сүйлөштүк. Бул жылдар аралыгында урушуп кеткен, сүйлөшпөй калган күндөр болду. Акырында ал деле, мен деле бири-бирибиз үчүн төп келген түгөй экенибизди түшүндүк окшойт.
— Кыздар турмушка чыгаар алдында кандай критерийлерди карманса дейсиз?
— Кыздар турмушка чыгаар алдында болобу же иш баштаар алдындабы негизги ар бир нерсени ойлонуп кылуу керек. Мисалы, ал жолдошунун кандай болуусун каалайт? – Жолдошум күчтүү, акылдуу, билимдүү болсун дегендей. Мисалы, мен өзүмдүн мүнөзүм катуу. Ошондуктан, мага бул мүнөзгө туруштурук кыла билген мындан да күчтүү мүнөздүү адам керек эле. Ошондой эле, аябай амбицияларым көп жана эмоционалдуу адаммын. Жолдошумдун күчтүүлүгү жана чечкиндүүлүгү мага жаккан. Анткени, ага чейин балдар мени менен сүйлөшкөн дагы коркоор эле.
— Алгачкы бизнесиңизди канча жашыңызда баштагансыз?
— Жыйырма жашымда баштадым. Жыйырма бир жашымда өзүмдүн алгачкы миллионумду таап, ата-энеме үй алып бергем. Алгач, менин ишкердигим Москвадан түптөлдү. Азыр Кыргызстанга да филиалдарын да ачтым. Анткени, ал жерге эле кызмат кылбай, Кыргызстанга кызмат кылуу оюм болду. Азыр болсо, Москва шаарында эл аралык деңгээлдеги International Fashion Fest деген мода көргөзмөсүн өткөрөм. Буга чейин эки жолу өткөрдүк. Бул көргөзмөнү ачканда дүйнө жүзүнө белгилүү Вячеслав Зайцев менен Игорь Гуляев үчөөбүз кызыл лентасын кескенбиз. Ушундай чоң адамдардын батасы менен түптөлгөн. Андан тышкары жакында эле “Ийгиликтүү, ишкер айымдардын уюмун” ачтым. Бишкекте биринчи форумун өткөрдүк. Ага Кыргызстандагы 400гө чукул айым катышты. Андан кийин Москвада өткөрмөкпүз, бирок пандемиядан улам токтоп калды. Кийинки максатым бул иш-чараларды дүйнөлүк деңгээлге чыгаруу. Эң негизгиси дүйнө мурунку калыбына келсе, алдыда дагы көп максаттар бар.
— Бизнес мектебиңиз туурасындай айтсаңыз, билишибизче бул мектепте бир гана аялзаты окуй алат…
— Ооба, бул мектеп бир гана аялдарга арналган. Бирок, мырзалар дагы окугусу келгенин жазып калат. Анткени, мен дүйнөгө белгилүү Роберт Кийосаки, Ник Вуйчич ж.б тренерлерден сабак алдым. Эң маанилүүсү, мен тажрыйба түрүндө бизнести колго алганым болду. 12 жыл ичинде автоунаа жууган жайлардан тарта сулуулук салону, логистикалык борбор, кафе ж.б болгон 17 бизнестин түрү менен алектенгем. Албетте, ортодон эки жолу нөлгө отуруп калган учурларым болду. Азыркы учурда айымдардын арасында же турмушка чыга электе же турмуш кургандан кийин өзүн жоготуп койгондору бар. Ошол айымдар өздөрүн өнүктүрсө деген максат менен ушул бизнес мектепти ачкам.
— Айымдар бизнеске алгылыктуу аралышып калбадыбы. Бирок, үй-бүлө экинчи орунда калып калат дегендер жок эмес. Сиз кантип экөөнү бирдей алып келе жатасыз?
— Бул абдан талаштуу суроо. Эгер жолдошу түшүнүктүү, билимдүү болуп, колдоп турса анда экөөнү бирдей алып кеткенге оңой болот. Анткени, азыр абдан көп мүмкүнчүлүк бар. Бала багуучу, үй жыйнаган кызматтарды колдонуп, үйдөн тамак жасабай сырттан тамактанып алса болот дегендей. Эгер жолдошу бут тосуп, тоскоолдук кылса – анда кыйын болот. Бирок, жолдошу менен дагы отуруп өзүнүн максаттарын айтып, сүйлөшүп, туура түшүндүрсө жакшы жыйынтык чыгат деп эсептейм. Качан гана жолдошубуз бизге ишенгенде, ал колдоо көрсөтүп дагы, өз кызыкчылыгын да билдире алат.
— Сиздин социалдык баракчаңыздан үй-бүлөдө ар дайым эле идеалдуу боло бербейт деген билдирүүлөрдү окуп калдым эле… Жашоодо гармонияда болуу эмнеден көз-каранды?
— Азыркы учурда инстаграм же башка социалдык тармактардын таасиринен улам депрессияга кабылгандар бар. Ошондуктан, бирөөнүн жашоосуна кызыкпай, өзүбүздүн жашообузду өнүктүрүүгө аракет кылуу керек. Бирөөнүн жашоосун көрүп умтулуп, позитивдүү кабыл алуу керек. Балким, биздин үйдө нан бар, дагы башка нерсе бар. Бирок, башка бирөөндө ошол нерсе дагы жок. Канчалык биз жашоого шүгүр кылсак, кудай ошончолук береке берет. Ал эми үй-бүлөдө конфликт да болуп турат. Кызыкчылыктары 100% келген үй-бүлө жок болуш керек. Бирок, тескерисинче ошол конфликт үй-бүлөнүн алдыга өсүүсүнө чоң таасир берет. Жаңы деңгээлге чыгарат. Албетте, андан туура жыйынтык чыгарса. Азыркы учурда ажырашуулар эмнеден пайда болуп жатат? Бири-биринин кызыкчылыгы төп келбейт жана аны менен эсептешпейт. Албетте, андай учурда ачуулануу менен эмес, тынчтыкта отуруп чечүү керек. Мындай кадам, мамилени бир гана бекемдейт. Үй-бүлөнү деле куруш керек. Күнүгө ага куруу аракетин кылып туруу керек. Анткени, жолдошубуз бизди, биз жолдошубузду 100% тааныбайбыз. Көрүп жатабызго, идеалдуу үй-бүлө деп көрсөтүшөт. Андан кийин эле ошол идеалдуу үй-бүлө эки айрым жолго түшүп жатат…
— Негизи эле жолдошуңүз, кайын журтуңуз сиздин ишмердүүлүгүңүзгө кандай карашат?
— Албетте жолдошум мага жардам берет. Ошол үчүн бүгүн мен ойлогон ой максатыма жетишип жатам. Иш жүзүндө айтсам, менин жумуштарым болгондо кайын энем балдарымды карап турат, үйдөгү бүтпөй калган жумуштар болсо кылып коет. Кайын энемдин мындай аракеттерине карап туруп ыраазы болом. Биздин менталитетте негизи “келинсиңби, келин деген мындай болуш керек” деген көз-караштар бар эмеспи. Мындай ойдон алыс болуш керек деп эсептейм. Менин үй-бүлөм дагы андай ойлордон алыс. Албетте, келин менен кайын-эненин мамилеси апа менен кыздын мамилесиндей болсо. Апа менен кыздын мамилеси кандай? Кызы чарчаса, үй жыйналбай калат. Каалаганында уктайт дегендей. Негизи, жолдошуңдун, кайын эне, кайын атанын келинге мамилеси көп нерсени чечип коет экен. Эгер, мисал мени “жок үйдө отурушуң керек” десе, мендеги гармония бузулмак да. Кудайга шүгүр, менин жумушум дагы, үй-бүлөм дагы бир бүтүн гармонияны сактап турат. Ушул эки нерсени тандоодо адам адашпаш керек.
Пандемияда ишкерлер кандай кадамга барышы керек?
Үндүк багып ишкерлик кылган Айгүл апа
Ишкер: Ат-Башынын сыры десек, эл күлчү
Касиет Кубанычбек кызы