Чүй облусунун Сокулук районундагы Кызыл – Туу айылында өкмөт башчы шайланды. Айыл өкмөт башчылыгына эки талапкер ат салышты. Эки талапкердин алдыга койгон максаттары айылдык кенеш тарабынан жактырылды жана таанышып чыгышты.
«Бүгүн айыл өкмөт башчылыгына шайлоо болду. Жергиликтүү кенештин эки депутаты Суюналиев Мирбек жана Мусаев Сталбек талапкерлигин коюшту. Жыйынтыгында он бир добуш менен Мусаев Сталбек женишке жетишти. Иш тажрыйбасы кенен, билимдүү, элдин камын ойлогон адам, иш жүзүндө көргөзөм деп депутаттарды ишендирип кетти»? — деп билдирди айылдык кенештин депутаты Акылбек Джылжымышев.

Айылдык кенештин депутаты Акылбек Джылжымышев иш үстүндө
Жергиликтүү кенешти шайлоо бир жылдан кийин болооруна байланыштуу, айыл өкмөт башчы бир жылдык мөөнөткө гана шайланды.
Эскерте кетсек, Ат-Башы районунун Ак-Жар айылында да шайлоо болуп, айыл өкмөт башчысына Уланбек Осмонов шайланган.
Айсулуу Нурматова