Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Сейтек Кулубаев иш сапары менен Жаңы -Талап айыл аймагында болуп, шайлоо тилкесинин даярдыгы, калктын саламаттыгын тейлөө иштери, кышка даярдык жана башка бир катар иштердин абалы менен жеринен таанышты.
Райакимдин берген маалыматына караганда, ФАПта дары-дармектер, медициналык каражаттар жетиштүү жана эки кычкылтек концентратору бар. Ал эми мектептин ремонт иштери бүтүп жаңы окуу жылына даяр. Алдыда болуучу КРнын ЖКнин депутаттарын шайлоо иш-чарасын уюштуруучулук менен өткөрүү, ар бир жаранга шайлоого катышуусу үчүн, анын ичинен ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн пандустарды куруу, ошондой эле биометрикадан өтө элек жарандарды тактап, өткөрүү, оруп-жыюу иштерин убагында бүткөрүү тапшырмалары берилди.
Ал эми айылдагы күндузгү дарылоочу жайга кайрылган жарандар жок болгондуктан, убактылуу ишин токтотуу сунушу айтылды. Район башчысы пандемияга байланыштуу түзүлгөн штабда бул тууралуу айтып, жыйынтыгын кабарлоону өзүнө алды.
Барчын Мамытбекова