Ак-Талаа районунун Соң-Көл жайлоосунда экинчи ирет “Ак-Талаа биримдиги” коомдук бирикмеси уюштурган эки күндүк этно лагерь болуп, ага райондун бардык айылдарынан 70 окуучу жана студенттер катышты. Алгач саякат Тоголок Молдонун медрсеси жана Тайлак баатырдын күмбөзүнө зыярат кылуу менен башталды.

Этнолагердин катышуучулары Тайлак баатырдын күмбөзүндө
Этно лагерь ички туризмди өнүктүрүү жана жаштарды колдоо максатында уюштурулуп, демөөрчүлөрдүн колдоосу менен өткөрүлдү.
«500 -1000 сомдук бул турга кызыктар болгондор өтө көп болууда. Белгилей кетсем, барган боз үйлөр Биримдиктин активдүү мүчөсү Сайкал Бакаеванын ата-энеси, Куртка айылынын тургуну Мирлан агабыз жана Кишимжан эжебиз тарабынан тамак-ашы менен бекер берилип, 3 күн бою жаштарга сонун мүмкүнчүлүк түзүп беришти.
Жакшылык Матанов 10 000сом, Бекжан Шыгаев бир козу менен жаштарга демөөрчүлүк кылды. Ал эми “Ак-Талаа биримдиги” коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 10 000 сомду 3 күн бою коноктогон Мирлан агабыздын үй-бүлөсүнө ыраазычылык катары тапшырышты», — дейт башкы уюштуруучу Арслан Байгабылов.

Катышуучулар таңкы көнүгүү жасоо учурунда

Жайлоодогу китеп окуу

«Агартуу саякаты аталган лагердин программасында илим-билим, өзүн-өзү өнүктүрүү, китеп окуу боюнча сабактар, поэзия сааттары, спорттук жана улуттук ар түрдүү жарыштар, пикир алышуулар, интеллектуалдык оюндар камтылып, катышуучулар үчүн пайдалуу болду. Ошондой эле кыргыздын кыз-жигит “Сармерден” оюну дагы өткөрүлдү», -деп кошумчалады уюштуруучу.
Этно лагерди уюштуруучулардын бири Нурзат Абдыжапар кызынын айтымында, эс алуучулар 4 тайпага бөлүп алып, иш алып барышкан. «Улуттук, интеллектуалдык оюндар, ошондой эле каада-салтыбыздын негизинде мал союу, боорсок жасоо боюнча дагы жарыштарды уюштурдук. 70 адамдын коопсуздугу уюштуруучулардын моюнунда болгондуктан тартипти бекем сактаганга аракеттер болушунча көрүлүп жатты»,- дейт.
Эскерте кетсек, этно лагерь 2019-жылы да өткөрүлгөн.
Ак-Талаада билим берүү мекемелери кезектеги ремонттон өткөрүлүүдө
Барчын Мамытбекова