Заман талабына ылайык, тез окуу ыкмасы күндүн талабына айланды. Кыргызстанда дагы тез окуу ыкмасын үйрөткөн тренерлердин саны өсүп барат. kyrgyzmedia.kg психолог жана тренер Нуркыз Абдыкеримова менен баарлашып, бул ыкманын жашообузга алып келген артыкчылыктары тууралуу маек курду.

Нуркыз Абдыкеримова тез окуу ыкмасы боюнча тренер
— Нуркыз, сиз тез окуу ыкмасын кантип өздөштүрдүңүз?
— Мен бала кезимден китеп окууга абдан кызыкчумун жана окуучулук кезде райондук китепканага барып көп китеп окуган адам болчумун. Бирок, студент болгондо мурдагыдай көп китеп окуй албай калдым. Анткени, эртең менен окууда, түштө жумушта, кечкисин дагы ар кандай курстарга, иш чараларга катышчумун. Өзүм окугум келген китептер абдан көп, бирок убакыттын жетишсиз болгондугу мени көп ойлондурчу. Ошентип жүрүп, мен тез окуу ыкмасын үйрөнгүм келди.
— Сиз бул ыкманы чет өлкөдөн окуп келдиңиз. Бирок, бул үчүн карьераңызды курмандыкка чалган экенсиз…
— Негизи мен ар дайым коомго пайда алып келген адамдардын катарында болгум келет. Ошондой эле өлкөбүзгө жаңы нерселерди алып келүүгө кызыкдармын. Бул күнгө чейин мен өз жолумду, багытымды көпкө издедим. Университетти бүткөн соң, журналист болуп да иштедим. Бир күнү редактор мага, мени жумуштан кетирүү чечимин айтты. Ошентип, менин бул тармактагы карьерам жыйынтыкталды. Бул кабарды уккандан бир күн мурун эле Россияга барып, “психология жана тез окуу ыкмасын үйрөнөм” деп ниет кылгам. Демек, аалам мен үчүн бардык нерсени тез өзгөрттү. Өз жумушун жактырбай жана ошол ошол иште жылдар бою кармалган адамдар бар. Мен ар дайым өзүмдүн ниетиме жана пландарыма карай кыймылдашым керек, антпесе жашоо мени мажбурлайт. Дал ушул иште күн сайын элдин ыраазычылыгын угуп келем. Качан биз өзүбүздүн ишибизде иштегенде, биз ыраазычылык угуп, ар кандай белектерди, сыйлыктарды алабыз. Өзүбүздү-өзүбүз алдап, жакпаган нерсеге көндүргөнгө аракет кылган учурда биз кыйналып баштайбыз.

Н.Абдыкеримова: Тез окуу ыкмасынын бир топ артыкчылыктары бар
— Тез окуу ыкмасы кандай өзгөрүүлөрдү, жыйынтыктарды бере алат?
— Менин студенттеримдин арасында менден тез окугандары бар. Бул мени абдан кубандырат. Негизи, бул ыкма ар бир адамга ар кандай жыйынтыктарды берет. Мисалы, курстун жыйынтыгы менен кээ бир студенттерим бир китепти бир саатта окуп бүтүргөндөрү бар. Мен өзүм тууралуу айтсам, адабий эмес китепти бир жарым саатта окуп бүтө алам. Ал эми адабий китепти мындан да кыска аралыкта окуса болот. Тез окуу ыкмасынын мындан тышкары да бир катар артыкчылыктары бар. Алсак, концентрация жогорулайт, ой жүгүртүүнүн ыраатуулугу пайда болот. Китептин маанисин толук түшүнүүгө мүмкүнчүлүк ачылат. Кадимки шартта китепти окуганда биздин мээбиз маалыматтарды тезирээк алгысы келет. Бирок, биз ага андай шарты түзүп бербегендиктен, ал абдан зеригет. Ошондуктан, адам тез эле китеп окугусу келбей, жадап баштайт.
— Сиз бул ыкманы кайдан окудуңуз?
— Мен Россиядагы Санкт – Петербург телевидения мектебинен окудум. Менин тренеримдин аты Людмила Гончугова. Тез окуу ыкмасы боюнча мен өзүмдүн автордук методикамды иштеп чыккам. Ушул күнгө чейин бир канча тренингдерге катышып, изденүү артында менин методикам жаралды. Жогоруда айткандай, Россиядагы мектептен тышкары, жапон техникасын өздөштүрдүм. Негизи кандай гана тренинг, семинар болбосун окуган адам маалыматтын 30% кабыл алып, практикада колдонот. Менин автордук методикам дагы ушул күнгө чейин катышкан ондогон тренинг, семинарлардын жыйындысы.

Н. Абдыкеримова: өзүм тууралуу айтсам, адабий эмес китепти бир жарым саатта окуп бүтө алам…
— Тез окуу ыкмасын окутууда жаш курагына жараша чектөө барбы?
— Ооба. Менин окутуу борборумда чектөө бар. Бул ыкманы үйрөтүү үчүн мен 10 жашка чейинки өспүрүмдөрдү кабыл албайм. Анткени, тез окуу ыкмасы бул сканерлөө болуп саналат. Ал эми 10 жашка чейинки балдар ар бир тамганы окуп, кадимки окуу ыкмасын жакшы өздөштүрүшү керек. Эгер, алар бала кезден тез окуу ыкмасын өздөштүрүп алса, алардын билим алууга кызыгуусу жоголуп кетүүсү мүмкүн.
— Сиз психолог катары, бизде билим алууда кандай көйгөйлөр бар деп айта аласыз?
— Биринчи кезекте мен психолог катары кайсы бир нерсени өздөштүрүп жаткан адамдарда өзүнө ишенбөөчүлүк көп экенин байкайм. Менин студенттерим чындыгында өздөрү ойлогондон дагы акылдуу жана жөндөмдүү. Мен бул нерселерди ачып аларга көрсөткөндөн тарта, алар алгылыктуу жыйынтыктарды берип жатат. Ийгиликтер алардын сүйлөгөн сөзүндө, окуганында жана албетте жашоодогу өзгөрүүлөрдө болуп келет.
— Билим алууга дээрлик миллион сомго чукул каражат короткон экенсиз…
— Ооба, бул нерсе менен мен өзүмө инвестиция кылып жатам. Мен ар ай сайын жана жарым жылда бир пландуу түрдө кошумча билим алам. Ар бир айда билим алууга короткон каржым 10 миң сомдон жогору турат. Ал эми жарым жылда бир ай сайын короткон чыгымдан тышкары дагы масштадбуу тренинг ж.б окуулардан өтүп турам. Бул нерсе менен мен өзүмдү бир тепкичтен экинчи жогорулатып жатам. Албетте, сапатка болгон аракет өз жыйынтыгын берет. Негизи, билим алууда акчаны аябаш керек. Акча бул каражат.
Добуш бериңиз: Сиз 1айда канча китеп окуйсуз?
Аскар Салымбеков тууралуу китепти окуңуз
Эмне үчүн китеп окушубуз керек?
Касиет Кубанычбек кызы