Ак-Талаа районудагы Көк-Жар айыл өкмөтүнүн тургуну Жазгүл Бектурсуновага 1992-жылы төрөлгөн классташтар үч бөлмөлүү үй тургузуп беришти.
Аталган айылдын жергиликтүү кеңешинин депутаты, социалдык кызматкер Назира Чыкын кызынын маалыматына караганда, классташтардын быйыл мектепти бүтүргөнүнө 10 жыл толду. Алар жолугушуу кече өткөрүүнүн ордуна жалгыз бой энеге там салып берүүнү демилгешип, жаз алды менен курулуш иштерин башташкан. Бирок пандемиялык кырдаалга байланыштуу курулуш убактылуу токтогон.
“Жазгул айылдагы мектепте кенже кызматкер болуп эмгектенет. Төрт кызы бар. Жолдошу 2-3 жыл мурда ооруп, көзү өтүп кеткен. Өзүнүн эски үйүнүн жанына үч бөлмө там салып берип, бүгүн лентасы кесилди. Классташтар өздөрү демилге көтөрүп, абдан жакшы саамалык жасашты. Айыл эли бүгүн бир үй-бүлөгө балдарыбыздын жасалган жакшылыгына күбө болдук”,- дейт Назира Чыкын кызы.
Мындан мурда Жерге-Тал айыл аймагындагы мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөгө айылдаштары үй куруп беришкен.
Барчын Мамытбекова