Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Сейтек Кулубаев Швейцария өлкөсүнүн «Памир көпүрөлөрү» (Pamir’s Bridges) ассоциациясынын президенти Бернард Репонд мырза менен жолугушту.
Сейтек Кулубаев Ак-Талаа районунун акими Бренард Репонд Швейцария өлкөсүнүн «Памир көпүрөлөрү» (Pamir’s Bridges) ассоциациясынын президенти менен жолугушуу учурунда
Жолугушууда аким С.Кулубаев Арпа жайлоосундагы Каракол суусуна көпүрө куруу боюнча долбоорун сунуштады.
«Буга чейин сиздердин колдооңуздар менен жергебизде 5 көпүрө курулду. Бул үчүн ыраазычылык билдиребиз. Бирок ошентсе дагы, алдыда бир катар долбоорлор бар. Алардын бири, 9 айыл аймактын элине натыйжалуу пайдасы бар Арпа жайлоосунун Каракол суусуна көпүрө курууга салымыңыздарды кошот деген тилектемин. Көпүрөнүн бардык курулуш долбоорлорун түзүп, сунуш кылабыз», — деди.
Жолугушуу учурунда
Ал эми Бернард Репонд мырза: «Кыргызстанда ишти мыкты билген адамдар менен иштеше беребиз жана иштешүүгө ар дайым даярбыз. 2001-жылдан бери иштеп баштап, быйылкы жыл менен жалпы Кыргызстан боюнча 90 көпүрө курууга жетише алдык. Ал эми, район башчысы сунуштап жаткан көпүрө куруу долбоорун карап чыгабыз. Биз, швейцариялыктар «ооба» десек ооба, «жок» деп айтсак жок болот»,- деп, натыйжалуу долбоорлор менен ар дайым кызматташууга даяр экендигин кошумчалады.
Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын инвестиция тартуу бөлүмүнүн башчысы Бакыт Итикулов «Памир көпүрөлөрү» ассоциациясынын каржылык колдоосу жана «CAMP Ала-Тоо» эл аралык фондунун аткаруусу менен райондун аймагында 5 көпүрө курулгандыгын айтты: “Алар, Жерге-Тал айыл аймагындагы Кашка-Суу сайына, Ботокей жайлоосундагы Ала-Буга дарыясына, Арпа жайлоосунун Агатан суусуна, Кош-Дөбө айыл аймагынын Бычан жайлоосундагы Бычан суусуна жана Чолок-Кайың айылындагы Кум-Арык сайына курулган көпүрөлөр”.
«CAMP Ала-Тоо» эл аралык фондунун «Тоо көпүрөлөрү» долбоорунун координатору Эркинбек Койчумановдун айтканына караганда, долбоорлор жергиликтүү бийлик менен биргеликте ишке ашырылат.
«Бул «Памир көпүрөлөрү» ассоциациясы каржылык жагынан колдоп, тиешелүү каражатын которуп беришет. Ал эми долбоор биз аркылуу ишке ашат. Биз жайыт комитеттери, айыл өкмөттөрүнөн долбоорду алып, иштеп чыгып, курулуш материалдарын алып беребиз. Ошондой эле, долбоор боюнча көпүрөнү темир материал, бетон же жыгач материалы менен салуу туурасында кеп-кеңешмелерибизди айтабыз», — деди Э. Койчуманов.
Бернард Репонд жана мырзага Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Сейтек Кулубаев
Эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө Бернард Репонд мырзага Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын ыраазычылык каты ыйгарылды.
Акталаада кайрадан күндүзгү дарылоочу жайларды уюштуруу аракеттери башталды
Барчын Мамытбекова