Аталган иш-чарага Баткен согушунун ардагерлери, айыл аксакалдары мекеме жетекчилери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
Кенже Карагулова, акимдин орун басары, Сейтек Кулубаев райондун акими( ондон солго экинчи), Шаршенбек Мурзабеков Ардагерлер кеңешинин төрагасы жана аскер кызматкерлери
Иш-чаранын катышуучулары
Райондун акими Сейтек Кулубаев Кыргызстандын тарыхында Баткен окуясы өз изин калтырган кандуу окуя катары жазылып кала берерин жана кыргыз жигиттеринин эрдиги элдин эсинде унутулбай, келечек муунга өрнөк болорун айтты.
“Кыргызстандын эгемендүүлүк жолундагы болуп өткөн бул окуянын аяктаганына 20 жыл толду. Ошол кезде куралчан белгисиз адамдар менен согушка кыргыз уулдары өз ыктыяры менен аттанышкан. Албетте, ар бир доордо өлкөгө коркунуч келтирген сырткы душмандар болгон жана боло берет. Бирок биз ар бирибиз даяр турууга, кандай болбосун өлкөбүздү коргоого милдеттүүбүз”,- дейт.
Ал эми “Согуштун Куралдуу Күчтөрүнүн, укук коргоо органдарынын жана оруктагы эмгекчилеринин Ак-Талаа райондук Ардагерлер кеңеши” коомдук бирикмесинин төрагасы Шаршенбек Мурзабеков:
“Ар бир атуулдун Мекен алдында милдети-аны коргоо, бүтүндүгүн жана тынчтыгын сактоо. Келечек муунду дагы биз мына ушул милдетке тарбиялообуз керек. Тарыхта калган Баткен согушун, анда курман болгон жоокерлердин элеси унутууга акыбыз жок. Ошол жылдагы элдин башынан кечирен оор кырдаал эми кайталанбасын”,- деди.
Сейтек Кулубаев райаким, Венера Абдиева райондук аскер комиссариатынын кызматкери жана Кенже Карагулова акимдин орун басары
Ардагерге ыраазычылык кат тапшыруу учуру
Мелис Кудашев Баткен согушунун ардагери юбилейлик медаль менен сыйланууда
Иш-чаранын жүрүшүндө Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы С.Кулубаев акимдин резервдик фондусунан акчалай сыйлык, ардак грамота жана ыраазычылык катын тапшырды.
Мындан сырткары, Баетов айыл өкмөтү тарабынан 23 Баткен окуясынын ардагерлерине жергиликтүү бюджеттен 23000 миң сом, айыл өкмөтүнүн ардак грамоталары тапшырылды.
Баткен согушунун ардагерлин сыйлоо учуру
Ошондой эле, айыл аймактарынын айыл өкмөттөрү, райондук электр тармактар ишканасы, райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү, райондук аскер комиссариатынын мааракелик медалы, Ардак грамотасы, акчалай жана баалуу сыйлыктарын тапшырышты.
Эскерте кетсек, Ак-Талаа районунан дагы 50 тургун бул согушка катышып, аман-эсен кайтып келишкен. Учурда 47 ардагер бар. Ал 3 ардагер согуштан келгенден кийин ар кандай оорулардан кайтыш болушкан.
Барчын Мамытбекова