Чүй обулусунун Сокулук районуна караштуу Жаңы Пахта мектебинде эң биринчилерден болуп «Энелер мектеби — тарбиянын башаты» аттуу энелердин семинары болуп өттү.

Семинардын катышуучулары
Семинарда:
1. Жагымдуу маанай
2. Гапыр Мадаминовдун китептери, өмүр баяны менен тааныштырылды(эмгек жолу)
3. Агайдын тажрыйбасы жөнүндө маалымат көрсөтүлдү.
4. 3-гимназия мектебинде билим алган окуучулардын энелеринин таасири жөнүндө видеоролик көрсөтүлдү.
5. Гапыр Мадаминовдун окуучулары бюжеттик окуу жайга өтүп тим болбостон, окуу жайда АЭМдин (Акыл Эмгек Маданияты) пайдасынын тийгени жөнүндө маалымат берилди
6. Келген энелерди 3 топко бөлүп, суроолор берилип, презентация жасашты.
«Бүгүнкү семинар бизге чыныгы эне болууну үйрөттү, жана балдарга камкор болуу менен бирге мектеп менен тыгыз байланышта болууга жол көрсөттү. Мугалимдердин кадыр- баркын ата-энелер аралыктан окуганда билдик», -деп билдирди 9 баланын энеси Таштурган Базарбаева.

Таштурган Базарбаева
«Баланы тарбиялоо –үй бүлөнүн баланы окутуу процессине катышуусунун эң маанилүү формаларынын бири. Тарбиялоодо бала менен баарлашууга, анын эмоционалдык абалын байкай билүүгө, мүмкүнчүлүктөрүнө карап үй жумуштарын аткартууга, окуу маданиятын уюштура билүүгө эненин ролу зор, мындан ары балдарымды тарбиялоого көбүрөөк көңүл бурам», -деп билдирди Мукан кызы Гулзада.

Мукан кызы Гулзада
2021- жылдын январь айынан баштап Сокулук районунун мектептерине «Энелер мектеби» программасынын жайылтуу пландалууда.
Сүлүктүдө «Энелер мектеби» программасы жыйынтыкталды
Айдай Джолчубекова