Суусамыр айыл аймагына караштуу Биринчи май айылынын калкы чачыранды жайгашып, бири-биринен алыс отурукташкан. Ал тургай, айрым тургундар айылдагы мектептен 5 км ыраактыкта орун алышкан. Ага ылайык, табияты катаал аймакта кышкысын окуучулардын мектепке катташы чоң көйгөйдү жаратып келет.
Буга кошумча быйыл жырткыч айбанаттардын, анын ичинен чөөлөрдүн көбөйүшү көпчүлүктү сестентүүдө. Ошондуктан окуучулар мектепке чогуу келип кетүүгө аргасыз. Башталгыч класстын окуучулары чогуу кетүү үчүн жогорку класстагы эже-байкелерин күтүүгө мажбур.

Мектеп окуучулары
Айылдагы Карабеков Сатынбай атындагы орто мектептин мүдүрү Белеков Кыялбек да аталган маселенин актуалдуулугун баса белгилеп:
«Ооба, бул көйгөй башынан эле козголуп келет. Биз жакта мектептен 6-7 км алыстыкта жайгашкан Жолго, Кемпирек, Чыйырчык деген калктуу пункттарыбыз бар. Ошол жерден окуучуларыбыз мектепке келип кетет. Жолдун алыстыгын эске алып сабакты саат 10:00дө баштайбыз. Мындан үч-төрт жыл мурда ата-энелер Бакыт деген айыл тургунун унаасына май куюп берип башталгыч класстын окуучуларын мектепке жеткирип, кайра алып кетип турчу. Азыр андай мүмкүнчүлүк жок. Андыктан, бул көйгөйдү жергиликтүү бийлик же мамлекет тарабынан чечип берсе жакшы эле болмок», — деди.
Алсак, алыстан келип 4-класста окуган окуучулардын бири Карыпбаева Кализа:
«Биздин үй менен мектептин аралыгы 7 километрдей болуп калат. Биз мектепке эртерээк келип калыш үчүн эрте туруп, эрте даярданабыз. Себеби чөөлөр көбөйүп, коркобуз. Биз мектепке келгенче аяз атадай болуп, ак бубакка чулганып калабыз», — деп кошумчалады.
Ал эми айыл тургуну Жамила Исабаева: «Биздин Жолго айылынан мектепке 21 окуучу барат. Балдарыбыз кышкысын сууктан, жазына баткактан кыйналышат. Айыл өкмөтү көмөк көрсөтүп, атайын каттам уюштуруп койсо жакшы эле болмок. Балдарыбыз үчүн жол киресин деле төлөп берет элек», — деди.
Жергиликтүү айыл жетекчилери да аталган маселелени ар дайым тиешелүү жактарга айтып, аракет кылышканын белгилешет. Маселен, айыл башчысы Сапарбек Кулболдиев:

«Албетте бизге техника деле берсе болмок. Быйыл да ушул көйгөйдү келген чоңдорго айтайын деп жүрөм. Биздин айыл өкмөттүн бюджети деле чакан. Дотациядагы айыл өкмөт болгондуктан, аталган көйгөй жергиликтүү деңгээлде чечилбеси анык», — деген оюн билдирди.
Суусамыр: Айылда чөөлөрдүн көбөйүшү балдардын өмүрүнө коркунуч жаратууда
Сумая Эрнисова, Бекбол Шабданбеков